Акыркы макалалар

Кыргызстандыктарга "тѳѳ синдрому" коркунуч туудурабы?

Кыргызстандыктарга "тѳѳ синдрому" коркунуч туудурабы?

Былтыркы жылы дүйнѳдѳ Африкадагы Эбола вирусу кооптуу абалды жараткан. Жер шары боюнча ар кайсы ѳлкѳлѳрдѳ Эбола дарты менен жабыркагандардын саны катталган. Ал учурда кыргызстандыктар дагы чочулап турган. Эбола вирусун жуктуртуп алып, жашыруун түрдѳ инфекциялык бейтапканада дарыланып жаткан аял туурасындагы тараган жалган маалыматтар отко май куйгандай эле болгон. Ошондой эле ѳлкѳгѳ оору жуктурулган банандар алынып келингендиги боюнча дагы бир версия тездик менен жайылган.

КРдин Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай жалган маалыматтарды четке каккан жана кооптуу инфекцияны аныктоого даярдыкты кѳрсѳтүү үчүн журналисттерди "Манас" аэропортуна алып барган. Ал жакта ЖМК ѳкүлдѳрүнѳ карантиндик изоляторду кѳрсѳтүшкөн. Медицина кызматкерлери 2009-жылдан бери пунктта атайын тепловизор тургандыгын, ал прибор дене табы жогорку болгон жүргүнчүлѳргѳ реакция пайда кыла тургандыгын жана ал жерде бейтаптын диагнозуна карап чара кѳрүлѳ тургандыгын билдиришкен.

Эгерде оору аныкталса дарыгерлер тобу дене табы кѳтѳрүлгѳн бейтапты изоляторго киргизишет, ал жерде оорулуунун аныктамсына карап чаралар кѳрүлѳт. Жабдык паспорттук кѳзѳмѳлдүн жанында орнотулган, анын тегерегинде күнү-түнү дарыгер-эпидемиологдор күзѳттѳ турат.

Ырас, ЖМК ѳкүлдѳрүнѳ тепловизор приборунун ѳзүн кѳрсѳтүшкѳн эмес. Мындан тышкары, Карантиндик жана ѳзгѳчѳ кооптуу инфекциялар борборунун адистери "тепловизорлор башка аэропорттордо дагы орнотулган, ошондой эле автоунаалык ѳткѳрмѳ пункттарында жана темир жолдордо турат",- деп билдиришкен. Эпидемиологдордун берген маалыматына ылайык, аэропортто ошондой эле тигил же бул жарандын кайсы жакка учуп жаткандыгы туурасында каттоо жүргүзүлүп турат.

2015-жылы март айында республиканын башкы санитардык дарыгери Олег Горин санитардык-карантиндик пунктунун кызматкерлери ѳзүнүн милдеттерин аткарбай жаткандыгын аныктаган. Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдалгандай, күнѳѳлүүлөр жазасын алып, "Манас" аэропортунун санитардык карантиндик пунктунун бѳлүм башчысы кызматынан бошотулган. Эпидемиологдорго карантиндик жана кооптуу инфекцияларга болгон кѳзѳмѳлдү курчутуу тапшырмасы берилген.

Албетте, кооптонууга негиз бар. Жакында эле жугуштуу ооруларга байланышкан дагы бир жагдай Түштүк Корея элин дүрбѳлѳңгѳ салды. Ал жакта "тѳѳ синдрому" башталды. vesti.ru кабарлагандай, ѳлүмгѳ алып келе турган дарт менен жабыркагандардын саны күн санап ѳсүүдѳ. Миңден ашык жаран карантинге жайгаштырылды. Алдын ала берилген маалыматка ылайык, ооруудан 5 адам кѳз жумган. Эпидемиянын башталышын билдирген мындай коркунуч абалдан улам Кореяда дээрлик миңдей окуу жай жабылган.

MERS вирусу же болбосо Жакынкы чыгыш респиратордук синдрому эки жыл мурда гана аныкталган. Бул вирус менен жапа чеккендердин кѳбү Сауд Аравиясында жана Катарда катталган. Дене табынын кѳтѳрүлүшү, алсыздык, жѳтѳлүү бул "тѳѳ синдромунун" башталгыч белгилери. Андан соң адамдын ден соолугу тез арада эле алсырап начарлай баштайт. Мындай вируска каршы вакциналар учурда жок.

vesti.ru булагы берген маалыматта, учурда Перс булуңунда жайгашкан мамлекеттердеги багылган тѳѳлѳрдүн 90 пайызы ооруну алып жүрүүчүлѳр болууда. Бүткүл дүйнѳлүк саламаттыкты сактоо уюму эпидемияга кѳз жумду мамиле жасаган Сауд Аравиясынын бийлигин сынга алууга жетишти. Ал жакта бул оорудан 446 бейтап каза тапкан. Түштүк Кореяга "тѳѳ синдромун" май айында 68 жаштагы ардагер жуктуруп алып "алып келген". Жугуштуу оору ал Сауд Аравиясы менен Араб эмирлигинде саякатта жүрүп, кийин өзүнүн өлкөсүнө-Кореяга келгенде аныкталган.

3-июнда Корея республикасынын бийлиги MERS вирусуна каршы күрѳшүү боюнча ыкчам топ түзүү тууралуу жарыялаган.

КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы Кореяда аталган синдромдон жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экендигин кабарлаган.

Карантиндик жана ѳзгѳчѳ кооптуу жугуштуу ооруулар боюнча Борборунун директору Нурболот Усенбаевдин айтымында, эпидемиологдор үчүн вирус жаңы эмес, ошон үчүн Түштүк Кореядагы абал боюнча кыргызстандыктарга ѳтѳ эле кооптонуунун кереги жок, эгерде вирустун кайсы бир белгилери байкалып калса анда медицина кызматкерлери чара кѳрүшѳт.

"Ѳлкѳ профилактика үчүн дене табын өлчөөчү сканер, тепловизорлор менен камсыз кылынган атайын санитардык карантиндик пункттар ишке тартылды. Анын үстүндѳ, жаңы аппараттар орнотулду. Биз кайсы ѳлкѳдѳ вирус таралып, катталып жаткан болсо ошол мамлекеттен келген аба каттамдарын текшерип турабыз. Сауд Аравиясына ажылык сапарга аттанып жаткан зыяратчыларга бул синдром тууралуу билдирип, эскертүү беребиз. Аларга эмитеден эле эскертилип, айтылды, анткени былтыркы жылы дагы ушундай нерсе байкоого алынган. Дарыгерлер окутулду, даярдалды жана бардык керектүү чараларды кѳрүшѳт", - деп түшүндүрүп кетти Усенбаев.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...