Акыркы макалалар

Кара-Сууда "Хизб ут- Тахрир" уюмунун басмаканасы табылды

Кара-Суу районунда "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун жашыруун басмаканасы бар экендиги аныкталган. Анда, 16-июнь күнү диний-экстремисттик агымдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында Кара-Суу РИИБнын жана Ош ОИИБнын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу райондук соту тарабынан санкцияланган тинтүү иш-чаралары 8 даректе жүргүзүлгөн. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, жалпысынан тинтүү жүргүзүү учурунда 3 нуотбук, 2 принтер, 1 даана китептердин барактарын тегиздөөчү станок, 107 китеп, 1 журнал, 77 баракча, 2 кол жазма дептерлер, 139 ДВД дисктер, 6 флеш-карта, 5 уюлдук телефондор алынган.

Тинтүү жүргүзүлгөн даректердин биринде диний-экстремисттик "Хизб ут-тахрир" уюмунун экстремисттик адабияттарын даярдоочу жашыруун басмакана аныкталып, брошюраларды басып чыгаруу үчүн керектелүүчү оргтехника, ар кандай материалдар жана көптөгөн экстремисттик адабияттар алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...