Акыркы макалалар

Хирург: Пластикалык хирургия адамдын жашоо сапатын жакшыртууга чоң жардам берет

Хирург: Пластикалык хирургия адамдын жашоо сапатын жакшыртууга чоң жардам берет

Пластикалык хирургия десе эле көпчүлүк чет мамлекеттин искусство жылдыздарын элестетишет. Бирок Кыргызстандын медицинасы жана жарандары дагы бул тармактан артта калган эмес. Кандай гана сын-пикирлер айтылбасын пластикалык хирургия учурда адамдын тышкы келбетин өзгөртүүнүн эң негизги ыкмасы болуп келет. Медицина илимдеринин доктору, 30 жылдык тажрыйбасы бар профессор Муса Матеев "Кабар ордо" сайтына кесибинин сырлары, деги эле пластикалык хирургиянын пайдалуу жана терс таасирлери тууралуу кеңири айтып берди.

- Муса Асыпбекович, сиздин пластикалык хирург болуп калууңузга эмне себеп болду? Бул бала кезиңиздеги кыялыңыз беле же башыңыздан өткөргөн сыноолордун негизинде бул кесипти тандап алдыңызбы?

- Чынын айтсам, эмне болуп дарыгер болуп калганымды билбейм. Бала кезимде андай деле кыялым жок болчу. Тескерисинче, бардык балдар сыяктуу эле дарыгерлерден абдан коркчумун. Дарыгерлерди көргөндө кадимкидей качып кетчүмүн. Пластикалык операцияга дуушар болгондой деле эч кандай кемтик жерим жок болчу. Алты саным аман болуп эле чоңойдум. Анан кудайдын маңдайга жазганы экен, минтип дарыгер болуп калдым.

- Дене же бет түзүлүштөрүн өзгөртүүнү каалап кайрылгандардын саны арбынбы?

- Пластикалык хирургия - бул өтө кеңири түшүнүккө ээ. Ал функционалдык жана эстетикалык (косметикалык) болуп бөлүнөт Пластикалык операция десе эле адамдар сурма койдуруу, беттин түзүлүшүн өзгөртүү деп түшүнүшөт. Бирок бул кесиптин андан дагы кеңири тармактары бар. Маселен, тубаса кемтик мүчөлөр менен төрөлгөндөргө, дене мүчөсү күйүп калгандарга, ар кандай онкологиялык шишиктерден улам калып калган кемтиктерди жабууда функционалдык хирургия аркылуу дене-мүчөлөрү калыбына келтирилет. Андан тышкары эстетикалык же косметикалык хирургия деген бар. Бул жерде сулуулук, адамдын тышкы келбети тууралуу сөз болот. Эгерде зарылчылыктан улам келип чыккан операцияларды алсак, албетте андай учурлар абдан көп. Бирок Кыргызстанда мындай операцияга зарыл болгондордун санын бизге кайрылгандардан дагы жогору. Ошондой эле косметикалык операция тууралуу кайрылгандардын саны дагы арбын. Анткен жылдан-жылга жашоонун сапаты жакшырууда.

- Эгерде косметикалык хирургияны ала турган болсок, кайрылган бейтаптардын көпчүлүгү эмнелерин өзгөрткүлөрү келет?

- Бизде, деги эле Борбор Азияда көпчүлүк адамдардын көздөрү кичинекей келет. Андыктан кайрылгандардын көпчүлүгү көзүн чоңойтуп, сурма койдурууну каалагандар. Косметикалык хирургияны эки позицияга бөлүп кароого болот. Биринчиси - бул жашартуу. Адамдын жашы өтүүсү менен анын дене-мүчөлөрү дагы карыйт, жаш кезиндеги формасын жоготот. Мына ушундай учурларда келип, беттерин чойдуруп, ооздоруна, кулактарына операция жасатып кетишет. Экинчи позиция- бул бет түзүлүшүн жакшыртуу же сулуулукка ээ болуу. Маселен, кимдир бирөөнүн сурмасы жок, кимдир бирөө кочкор мурун, кимдир бирөөнүн кулагы бир аз делдейип турат, мына ушуга окшогон кемчиликтерин жойдуруу максатында кайрылышат.

- Учурда айымдар сүт бездерин чоңойтуп жатышат. Муну зыяны канчалык деңгээлде? Анан бала эмизүүсү кандай болот?

- Акыркы учурда сүт бездерин чоңойткон учурлар Кыргызстанда көбөйүп бара жатат. Муну дагы азияттардын өзгөчөлүгү деп койсок дагы болот. Анткени абдан көп азия аялдарынын сүт бездери кичинекей болот. Ошондуктан алар аны чоңойтууга барышат. Учурда сүт бездерин чоңойткондон кийин ар кандай жаман ооруларга чалдыгышы мүмкүн деп айтып жүрүшөт. Бирок мен андай пикирди колдобойм. Эгерде андай боло турган болсо, анда АКШда жана Европада аялдардын бардыгы оорулуу болуп калмак. Анткени ал мамлекеттерде ар бир үчүнчү аял сүт бездерин чоңойтот. Андан тышкары мен персоналдык байкоо жүргүзүп көрдүм. Мага сүт безинин мастопатия болуп ооруган бейтаптар дагы кайрылган. Алардын көкүрөктөрүнө операция жасалган соң 3 жылдан кийин мастопатия илдети төмөндөп калганы байкалды. Анткени механикалык басым мастопатиянын өсүүсүн төмөндөтөт. Ал эми бала эмизүү жагына токтолсок, албетте, болот. Анткени төшүн чоңойтуп жатканда биз сүт безине тийбейбиз. Эмизгенден кийин аял жакшылап кам көрсө, ал эмчек формасын дагы жоготпойт. Бул дагы фигура сыяктуу эле кам көрүүнү талап кылат.

- Ошондо эстетикалык хирургия адамдын саламаттыгына зыянын тийгизбейт деп түшүнсөк болобу?

- Ар бир адам кан аркылуу жугуучу оорулардын тобокелчилиги бар экенин билиши керек. Ар бир хирургия- бул адамдын денесин кесүү деген түшүнүк. Эгерде адам өзү аны каалап жатса же ошого муктаж болуп жатса, эмнеге ага жардам бербешибиз керек? Учурда карап көрсөңүз: баары зыян. Маселен, чачты боёгон, татуаж койгон, ичимдик ичип, чылым чеккен. Бирок биз анын бардыгын тең эле билип туруп жасап жатабыз да.

- Кайрылган бейтаптарыңыздын арасында эркек адамдар дагы бар болсо керек?

- Албетте, кайрылышат. Бирок эркектердин көпчүлүгү функционалдык хирургияга көбүрөөк келишет. Маселен, ошол эле кулактарын сындырып алган спортчулар же күйүктөн жарат алгандар. Бирок алардын арасында деле сурма койдуруп, мурдун жасаткандар бар. Ал эми кайрылгандардын арасынан аялдардын саны көбүрөөк. Белгилей кетчү нерсе, жакында эле мен функционалдык хирургия боюнча Францияда лекция өтүп келдим. Ал жакта бүткүл Европа мамлекеттеринин, Латын жана Түндүк Америкадан, Япониядан дарыгерлер келишти.

- Бейтаптардын талабын канааттандырбай, жасаган операцияңыз ийгиликсиз болуп калган учурлар болгонбу?

-Албетте, мындай учурлар бир гана медицинада эмес, башка тармактарда дагы бар. Өмүр бою ишин идеал аткарган эч ким жок. Ар бир адам жаңылышат. Ал эми эч качан жаңылган эмесмин дегендер болсо - бул калп. Бейтаптын каалоосун эске алуу менен хирург аны ишке ашырат. Бирок бул жерде эки көз караш бар. Бири бейтаптын, экинчиси дарыгердин. Андыктан бул нерсени дагы эске алуу керек. Ал эми дарыгер бейтаптын ден-соолугуна зыян келтирип ала турган болсо, анда сөзсүз жооп бериши керек.

- Тигил же бул белгилүү адамды айтып, жүзүн ошонукундай кылып өзгөртүп бер деген бейтаптар болгонбу?

- Мага андай маселелер менен абдан көп кайрылышат. Андай бейтаптарга биринчи кезекте ички жан дүйнөсүн өзгөртүп, такыр эле колунан келбей калса психиатрга барууну сунуштайм. Маселен, кимдир бирөө Анджелина Джолидей сулуу болгусу келет. Бирок ал кайра эле Джоли болуп төрөлүп калбаса, эмне кылсаң дагы ал андай боло албайт. Бизде жер жүзүндө 6 млрд адам бар, алардын 12 млрд көзү бар. Бирок ал адамдар эч качан бири-бирине окшобойт. Мен Европага, Кореяга барып калганда күбө болуп калдым. Ал жакта окшоштуруп жасашат экен. Бирок жакшылап изилдеп көрсө эч качан бирөө бирөөгө окшобойт. Мисалы, мен андай болуусуна каршымын.

- Пластикалык хирургия маселеси боюнча кайрылгандардын саны көпбү?

- Абдан көп, так санын айта албайм. Болжол менен жылына 1 миңден операция жасайм. Жыл сайын адамдардын саны өсүүдө. Бирок бул нормалдуу көрүнүш.

- Дененин кайсыл мүчөлөрүнө операция жасоого каршысыз?

- Маселен, жамбашын чоңойтууга. Бул иш функцияларды көп аткарган орган. Маселен адам отурганда оорушу мүмкүн. Бирок жамбашын чоңойтуу боюнча дагы көп кайрылышат. Буттун формасын өзгөртүүгө принципиалдуу түрдө каршымын. Анан бөйрөк, жүрөк жана боордон башка жерлерди алмаштырууга каршымын. Маселен, эгерде бейтап бөйрөгүн алмаштырыш керек болсо, демек ал зарылчылыктан улам келип чыгып жатат. Анткени анын бөйрөгү ооруга чалдыккан. Ал эми бетти, мурунду, кулакты алмаштырууга каршымын. Бетин алмаштырган адам депрессант препаратын үзгүлтүксүз алып турушу керек. Бул өтө күчтүү болгондуктан иммунитетти толугу менен бузат. Бетин алмаштырган адам ансыз жашай албай калат. Ошондой эле анын баасы өтө кымбат. Эгерде колдонбой койсо бет өз функцияларын аткарбай калат.

- Өз жакындарыңызга дал ушул косметикалык хирургия жасаган учурларыңыз болду беле? Болсо алардын өтүнүчүн кандай кабыл алдыңыз?

- Болгон, кимге жана кайсыл жерине операция жасаганымды айтпай эле коёюн. Мен каршы эмесмин. Пластикалык хирургия адам затынын жашоосунун сапатын жакшыртууга чоң жардам берет. Эгерде операция бардык эрежелерди сактоо менен адамдын ден-соолугуна зыяны жок болуп жасалса, эмнеге биз бейтаптардын суранычын аткарбашыбыз керек. Эгерде адамдын сырткы келбети сулуу болуп, өзүнө-өзү канааттанып турса анын жан дүйнөсү дагы жакшырып, дени дагы сак болот.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...