Акыркы макалалар

“Ата Мекен” менен “Улуттар биримдигинин” тандеми

“Ата Мекен” менен “Улуттар биримдигинин” тандеми

Шайлоого саналуу убакыт калганда, бардык эле саясий партиялар парламенттик шайлоодо жеңип келүү максатында ар кандай жолдорго барып, кадыр-баркын сактап калууга жана күч топтоого жанталашып жаткан убагы. Кечээ жакында эле “Ата Мекен” партиясы менен “Улуттар биримдиги” партиясынын бириккени тууралуу кабар буга күбө.

Адегенде интернет булактарында бул эки партиянын биригүү тууралуу чечимдери жарыяланган эле. Көп өтпөй “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты Асия Сасыкбаева “Улуттар Биримдиги” “Ата Мекендин” позициясын колдоп атканын, биригүү тууралуу али сөз боло электигин айтып чыкты.

«Улуттар биримдигинин» түштүк аймагы боюнча штабынын жетекчиси Абдыжапар Акулов 10-июлга чейин расмий билдирүү жасаларын “Азаттыкка” билдирди. Ал бул биригүү Мелис Мырзакматовдун азыркы жагдайына оң таасир этет деп үмүт артып атышканын айтат. “Ата мекенчилер” ошентип атат деп уктум. Негизи сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы ырас. Анан биздин саясий кеңеш июль айынын онуна чейин өз позициясын ачык билдирет. Коомчулук бир ынана турган позицияга келели деген аракеттер болуп жатат. Ошондой эле биздин партиянын лидеринин акыбалына байланышкан туура жолду таап алуу үчүн аракеттер жасалып жатат деп тыянак чыгарсак болот” дейт ал.

Эске салсак, “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэри болуп турган кезде курулган эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча коррупциялык иштерге аралашкан деп айып тагылып, издөөдө жүрөт.

“Кут” партиясынын лидери Болот Жанузаковдун пикиринде партиялардын мындай биригүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш. “Шайлоонун алдында саясий партиялардын биригиши - мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени партиялар бири-бири менен бириксе, чоң күчкө айланат. Бирок бүгүн биригип жаткан партиялардын тагдыры эртең кандай болот, кеп ошондо. Анын үстүнө саясий партиялар көздөгөн максаты, программасы, идеясынын окшоштугу жагынан бириксе жакшы болмок. Ошондуктан мындай биригүүгө бир беткей баа берүү кыйын” дейт ал.

Ал эми саясий серепчи Марат Казакпаев бул биригүүнү туура эмес жасалган кадам деп эсептейт. “Ата Мекен” партиясынын бул кадамы туура эмес болду. Ар бир саясий партиянын бекем сактаган идеологиясы, принциби болушу керек. “Ата Мекен” - КСДП сыяктуу революциялык партиялардын бири, коалициялык көпчүлүктүн ичинде. Ал эми “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов- Бакиевдик кадр, ага кылмыш иши козголуп, жашырынып качып жүрөт. Демек, шайлоого кандай болбосун келиш үчүн “ата мекенчилер” радикалдуу оппозиция менен биригип жатат. Эми “ата мекенчилер” коалициялык көпчүлүктөн чыгып кетиши керек” дейт серепчи.

ПК- пресс

Түп нускага шилтеме : pk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...