Акыркы макалалар

Депутат Коркмазов 2 айга камакка алынды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазовду камакка алуу чечимин чыгарган. Бул тууралуу аталган соттун катчылыгынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, тергөө иштери аяктаганга чейин депутат УКМКнын тергөө абагына 2 айга убактылуу кармалат. Ал 15-июлда СИЗОго 48 саатка киргизилген эле.

Белгилей кетсек, Коркмазов 15-июлда 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Депутат Жогорку Соттогу отурумда Нариман Түлеевдин акталышына жардам берүү үчүн экс-мэрдин туугандарынан 200 миң доллар талап кылган. Ага "Коррупция", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Пара талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...