Акыркы макалалар

Кырк чоро: Бизди улутчул, радикалдуу топ деп атагандар жаңылышат

"Бизди көптөр улутчул, радикалдуу топ катары кабыл алышууда, бирок бул жаңылыштык". Мындай пикирин "Кабар ордо" сайты тарабынан уюштурулган "Кырк чоро" жана ""Кырк кыз уюмдары" учурдун талабыбы?"- деген темада өткөрүлгөн тегерек стол учурунда "Кыргыз чоролору" жана "Кырк чоро" кошуундарынын ордо кеңешинин жетекчиси Уран Рыскулов билдирди.

Чоролордун негизги максаты- Кыргызстандын жаш жигит кыздарына улуттук каада- салттын негизинде тарбия берип, аларга туура жол көрсөтүү экендигин айткан Уран Рыскулов коомчулукту аларды улутчул, радикалдуу топ деп атоодон алыс болууга чакырды.

"Кыргыздардан эч убакта улутчул адамдар чыкпайт. Улутчулдук менен улуттук каада салтты кармап жүрүү - экөө эки башка нерсе. Ошол эле биз туу тутуп жүргөн Европа мамлекеттеринде, Россияда скинхеддер чыгып жатат. Ал эми 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашаган Кыргызстанда мындай терс көрүнүштөрдү байкоого болбойт",- деди ал.

Кесиптешинин мындай пикирин "Кыргыз чоролору" жана "Кырк чоро" кошуундарынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Дүйшеев колдоого алды. Анын айтымында, аталган уюм тиешелүү органдар менен коррупция каршы иштөө жана адам укуктарын коргоодо кызматташууга жардам көрсөтүү боюнча меморандумга кол койгон.

"Учурда чоролор тууралуу коомдо ар кандай пикирлер айтылып жатат. Бирок, биз мыйзам чегинде иш алып барып жатабыз. Айрымдар бизди скинхеддер деп дагы аташууда. Биздин каалаганыбыз - улуттук баалуулуктарды сактап, жаштарга туура тарбия берүү. Биз мыйзам чегинде эле иш жасап келе жатабыз. Кандайдыр бир текшерүүгө чыксак УКМКнын, ИИМдин 10-бөлүмүнүн, Жаштар министрлигинин өкүлдөрү менен бирге иш алып барып жатабыз. Өзүбүздүн ишмердигибиздин негизинде Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн 36 кытай жаранын депортация кылынды. Биздин укук коргоо органдары менен биргелешип иш алып баруубуз коррупцияны дагы азайтууда.

Маселен, бардык жерде "крыша " бар. Жөнөкөй кызматкерлердин үстүнөн кысым көрсөтүшүп, бул ишти бүтүрбөсөң кызматтан кетесиң дегендер дагы жок эмес. Ал эми биргеликте, бири-бириңди көзөмөлдөп иш алып барсаң, ошондо жыйынтык болот. Маселен, бир адамга пара берсе болот, ал эми кырк адамды эч ким сатып ала албайт",- деп кошумчады ал.

Уюштуруучулардын айтымында, "Кырк чоро" биримдиги 7-апрель окуясынан кийин негизделген.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Саламат Адыловдун айтымында, укук коргоочулар жалпысынан аталган уюмдун идеологиясын колдойт. Бирок айрым учурда чоролордун мыйзамга туура келбеген иштерди жасагандыгы тууралуу фактылар дагы катталууда. Бул багытта аларга эки райондо кылмыш иши козголгон. Ошол эле учурда алар ички иштер министрлиги менен эч кандай меморандумга кол коюшкан эмес. Кол коюлган шартта деле мындай келишимдер кайсы бир ишкерлерди же башкаларды текшерүүгө уруксат бербейт.

"Бул уюмдун түзүлгөнү туура, булар коомдо катталган терс көрүнүштөр менен күрөшүүгө аракет кылып жатышат. Мындай иштер менен бир гана тиешелүү органдар жана атайын уюмдар эмес жалпы коомчулук күрөшүүсү керек. Бирок айрым жерлерден булар кыргызчылык жолу аркылуу кетип калып жатышат. Биз уюмдун жетекчилиги менен 3-4 жолу жолугуп, сүйлөшүү иштерин жүргүзгөнбүз",- деди ал.

Ал эми Юстиция министрлигинин укук пропаганда иштери боюнча башкы адиси Уланбек Асаналиевдин айтымында, "Кыргыз чоролору" жана "Кырк чоро" кошуундарынын атайы жобосу министрликтен каттоодон өткөн. Бирок ал жободо тигил же бул ишкананы текшерүүгө алууга укук берилген эмес.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...