Акыркы макалалар

Аткезчилик менен алынган баалуу таш аукционго коюлат

Аткезчилик менен алынган баалуу таш аукционго коюлат

Үстүбүздөгү жылдын чын куран айында Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Орусиядан Кытайга Кыргызстандын аймагы аркылуу аткезчилик жол менен өтүүгө аракет кылган Казакстандын жараны кармалган. Ал жалпы салмагы он алты тоннаны түзгөн нефрит таштарын унга катып өтүп бара жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Бул тууралуу МУККнын расмий өкүлү Тилек Чокморов билдирди. Өткөн жылдын аяк оона айында Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен жогоруда айтылган Казакстандын жараны күнөөлүү деп табылып, бирок нефрит таштары ээсине кайрадан кайтарылып берилген. Ал эми Казакстандын жаранына 200 миң сомдук айып тагылган. Ошол эле жылдын тогуздун айында Бишкек шаардык соту дагы, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. 2013 - жылдын жалган куран айынын он төртүндө КРнын Жогорку сотунун чечими менен кармалган Казакстандын жараны күнөөлүү деп табылып, баалуу таштар мамлекеттин пайдасына өткөрүлүп берилди. Азыр комиссия түзүлүп, мамлекеттин пайдасына чечилген баалуу таштарды аукционго коюу маселеси каралып жатат, дейт МУККнун расмий өкүлү.

Кененирээк маалымат алуу үчүн maralfm.kg сайтына кириниз

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...