Акыркы макалалар

Мародёрлук иштеринин материалдарын уурдаганга шектелгендер кармалды

Чүй облустук сотунун судьясынын иш бөлмөсүнөн Апрель окуясындагы мародёрлук боюнча кылмыш иштеринин материалдарын уурдаганга шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, аталган материалдарды уурдоого буйрутма бергендер абакта отурган Абдували Акжолов жана Абдулла Юсупов экени аныкталды. Бул эки жаран 2010-жылдагы Апрель окуясында мародёрлук фактылары боюнча соттолууда.

Белгилей кетсек, 30-июлда болжол менен саат 03:28де белгисиз бет капчан эки адам Чүй облустук сотунун экинчи кабаты аркылуу кирип, судья А.Жумагуловдун эшигин талкалап, иш бөлмөсүндөгү сейфтен 8 томдон турган жазык иштин 6 томун уурдап баратып өрт коюп кеткен. Анда Абдуллажан Юсупов, Азамат Шергазиев, Дастан Оморов жана А.Акжолов менен Р.Жоробаеванын кылмыш иштери боюнча жазык иштер жана Апрель окуясындагы мародёрлук боюнча да иштер уурдалган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...