Акыркы макалалар

Кыргызстанда кара курт чагып жабыр тарткандар көбөйдү. Жаш бала көз жумду

Кыргызстанда кара курт чагып жабыр тарткандар көбөйдү. Жаш бала көз жумду

Редакцияга кара курт чагып алган акыркы окуялардын бири тууралуу айтып беришти. Каракурт – кара жесирлер түркүмүнө кирген жөргөмүштүн түрү. Эгерде кара курт чагып алса тез арада чара көрүлбөсө дем алуу органдары шал болуп калгандыктан адам өлүмгө учурайт. Кара курттун уусу уулуу жыландын уусунан 15 эсе көп.

Бишкектеги Орто-Сай айылынын тургуну, 77 жаштагы Риф Вильданов "кара жесирдин" курмандыгы болгон. Анын кызы Зульфиянын айтымында, Вильданов үйүнөн сыртка чыгып бара жатып кара курт кирип алган тапчикени кийип алган. Дароо эле анын бутун сыздаткан оору пайда болуп, бир нече мүнөттөн соң оору бир капталына тараган. Жабыр тарткан адамдын жакындары жөргөмүштү дароо кармашып банкага салып, ал эми Рифти 4-шаардык оорукананын токсикология бөлүмүнө алып келишкен. Дал ушул жерден гана дарыгерлер аны кара курт чагып алганын айтышкан.

Бирок жагдай кыйындаган, анткени Вильдановдун үй-бүлөсү кара куртка каршы вакцина жок экенин билишкен.

"Биз атабыз өлүп калышы мүмкүн экенине көзүбүз жеткенде тынчыбыз кетип, болгон ооруканаларды, тааныштарды кыдырып вакцина издей баштадык. Бир сутка өткөндөн кийин мындай дары жок экенин түшүндүк. Эң жакын жер Казакстан болуп чыкты. Ал тургай Алматадан дары алып келиш көпчүлүгүнүн чөнтөгүнө туура келе бербейт- дарынын баасы бир нече жүз доллар турат экен. Бирок андан дагы кыйын жери бул дарыны 12 сааттын аралыгында сайып үлгүрүү керек экен, дарыгерлердин айтымында 12 саат өтүп кеткенден кийин аны саюу пайдасыз ал тургай тескери натыйжа берип анофилактикалык шокту пайда кылышы мүмкүн экен",-дейт Зульфия Вильданова.

Жабырлануучунун жубайы Роза Вильданованын айтымында, дал ушундай коркунучтуу диагноз менен анын жолдошу жаткан палатага дагы үч адам жаткырылган. Кечээ эле эки кишини ооруканадан чыгарышкан экен. Алардын бири Кара-Балта шаарында багбан болуп иштейт. Экинчисин кара курт жайыттан чагып алган. Азыр токсикология бөлүмүндө 14 жаштагы бала дарыланууда, ал "Дордой" базарынын аймагында жашайт. Баланын акыбалы өтө оор аны кара курт үч жерден чаккан.

"Бул канчалык оор экенин сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Менин күйөөм төрт суткандан бери кыйналып жатат. Аябай көп антибиотик сайылганына карабай уу тарай элек. Ал тургай ага дайыма тамчылатма дары куюшуп, аллергияга каршы дарыларды сайып жатышканы менен өлүп калуу коркунучу бар дешүүдө. Биз болгону муну карап эч нерсе кыла албай отурабыз. Бул аябай кейиштүү",-дейт аял.

Эми жабыр тарткан кишинин жакындарынын башка бир психологиялык маселеси пайда болду, алар "короону эмне менен тазалап чыгыш керек, кантип коопсуз болуу керек",- деп, бул жаатта эмне кылышты билбей турушат.

"Биз дезинфекция станциясына кайрылдык жана биздин үйлөрдү зарыл болгон дары менен тазалап чыгууну же дубалга же огородго эмне чачуубуз керектигин сурадык. Ал жактан буга окшогон маселени биринчи жолу угуп жатышканын Кыргызстанда кара курт деген таптакыр жок экенин айтышты. Эч кандай чачма суюктук жок экен. Эч нерсе кеңеш бере алышкан жок. Билсеңер жөргөмүштүн өзүн кээде карап туруп коркпой кабыл алыш кыйын, бирок жакын адамыңа өлүм коркунучу келип жатканын көрүү психологиялдык жактан абдан оор. Минтип отуруп акылыңдан адашып кетүүң дагы мүмкүн. Бул жактан эч ким жардам бере албайбы?",-дейт аргасы кеткен маектеш.

Коркунучтуу тенденция бар экенин "ВБ"га токсикология бөлүмүнүн башчысы Улан Исманов тастыктады. Анын айтымында, Кыргызстанды кара курт дайыма байырлап келген жана баш калаанын райондорунда дагы кара курт бар. Бишкектин айланасындагы талааларда кездешет. Негизине кара курттар Чоң Чүй каналынын төмөнкү аймагында, талаалуу келген айланма жолдон төмөн жакта көп байкалат. Мындай курттар жаңы конуштарда, айрыкча таштанды төккөн жерге жакын жайгашкан жаңы конуштарда көп. Анткени ал жакта курт-кумурскалардын саны көп болгондуктан жөргөмүштөр да бул жерлерди байырлаганды жакшы көрүшөт. Азыр бул талааларга эл үй куруп отурукташып калды, бирок кара курттар эч жакка кеткен жок. Эми алар "коңшулаш" жашап жатышат.

Бирок коркунучтуу муунак буттуулар шаарга дагы миграция кылышат. Алар мурда тоо түбүндөгү айылдарга эч качан келбеген болсо, эми климаттын өзгөрүшүнөн жана парникалык эффектен улам буга чейин жашай элек жерлерге адаптациялана башташкан. Кыязы, алар унаалар менен, ташылган жүк менен келиши ыктымал. Жай айлары эң активдүу фаза болуп саналат. Бул алардын ургаачысын издеп миграция болгон гана учуруна байланыштуу эмес, жай айларында кара курттар да ысыктан качышат. Ошондуктан аларды үйдөн жана квартиралардан табууга болот. Эске алчу жагдай, бул маалда кара курттун уусу абдан күчтүү болот.

Улан Исмановдун айтымында, кара курт чагып алгандан кийинки белгилерди байкоого кыйынга турбайт. Чагып алган жерге уу дароо таасир берет, катуу сыздаган оору пайда болот, чагып алган жарат кызарып чыгат. Уу лимфа аркылуу жана кан аркылуу бүт денеге тез эле тарайт. Көп учурда ичтин булчуңу жыйрылат. Белгилердин арасында жалпы уулануунун белгилери: дем кыстыгуу, жүрөктүн, тамырдын катуулап кагышы, баштын оорусу, кусуу, өңдүн кубарып чыгышы, тер кетүү, беттин гиперемиясы байкалат.

"Быйыл кара курт жагып жабыр тарткандар көп экенин өзүбүз да байкадык. 2005-жылга чейин кара курт чагып алган бирин-экин эле учур болсо, андан кийинки жылдарда алардын саны өстү. Быйыл күн сайын жабырлагандар келип жатты жана күндүн катуу ысыганы дагы буга таасир берди. Курт бут кийимге кирип алып, киши аны кийген кезде чагып алган учурлар көп. Көпчүлүгүн үйүнөн, төшөгүнөн чагып кетип жатат. Биз ооруну басаңдатуу дарыны, тамчылатма дарын антибиотиктерди колдонуп дарылайбыз жана бул жардам берет",-дейт токсикология бөлүмүнүн башчысы.

Статистикадан көрүнүп тургандай, быйылкы жылдын 1-июнуна карата 25 кыргызстандык кара курт чаккандан жабыркаган. Дарыгерлер бул цифра күзгө жакын эки эсе көбөйөрүн айтышты- анын себеби ысыктан жана таштандынын көптүгүнөн болууда. Бирок бул коркунучтуу эмес. Биринчи жолу өлкөдө кара курт чагып өлүмгө учураган учур катталды. Бул тууралуу Ош областтык ооруканасынын дарыгерлери маалымдашты.

Бул жерге Баткенден 11 жаштагы баланы алып келишкен. Аймактык ооруканадан га жардам бере алышкан эмес-баланы эки жолу кара курт чаккан. Баланын өмүрүн сактап кала алышкан жок, ал дем ала албай калган, мээси дароо шишип кеткен. Кичинекей пациент каза тапты.

Кантип коопсуздук чараларын көрсө болот?

Адистер бир нече кеңештерди беришти. Биринчиден, баардык терезелерге эки катар коргоочу торду кадоо керек. Бишкекте таштанды чыгаруу убагында болбой калган учурда ар кандай курт-кумурскалар көбөйүп кетүүдө.

Экинчиден, курт кумурскага, жөргөмүштөргө ар түрдүү коңуздарга каршы ар кандай бор, кургак порошок түрүндөгү препараттарды колдонуу абзел. Алардын көбү кытайдыкы. Бирок адистер тастыктагандай, мындай препараттардын баарынын сапаты жакшы жана колдонуудан коркпош керек. Учуп жүргөн же сойлоп жүргөн курт-кумурскаларды алар өлтүрүп жибербегени менен жакшы коргоочу фон түзүп бере алат. Батирде жашоочулар үйдүн эшик- терезелерине, каалганын кашектерине бор сүртсө болот. Жеке менчик үйдүн кожоюндары үйдүн периметри менен сыртынан бор чийип чыгууга мүмкүндүк бар. Ошондой эле бут кийимди кийүүдөн мурда аны текшерип койгон жөн.

Эгерде жаратылышка чыгып, анан да ачык асмандын алдында уктоого туура келип калса уктаардын алдында төшөктү, кийим -кечени, тапичкелерди жана ботикаларды карап чыгуу керек.

Эске алчу жагдай: коркунучтуу жөргөмүштөрдүн дагы башка түрлөрү бар. Мисалы, квартираларда кездешкен сары, анча чоң эмес жөргөмүштөр. Алар чагып алган кезде ошол чаккан жер гана ооруйт. Бул учурда ооруну басаңдатуучу жана дене табын төмөндөтүүчү каражаттарды ичүү зарыл.

Эң эле башкысы сизди курт чагып алса жана катуу оорута баштаса токтоосуз түрдө адиске кайрылыңыз. "Өзү басылып калат" деген принциптин аягы өлүмгө алып келиши толук мүмкүн.

Сүрөттө каракурттун ургаачысы. Анда кызыл тактар болот.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...