Акыркы макалалар

БШК: Шайлоо күрөөсүн беш партия берди

"5 млн сомдук шайлоо күрөөсүн беш саясий партия берди",-деп билдирди "ВБ"га БШКнын шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Канатбек Азиз.

Анын айтымында, шайлоо күрөөсүн "Ата Мекен", "Бир Бол", "Өнүгүү-Прогресс", КСДП жана "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиялары алып келишти. "Партиялар 25-августка чейин шайлоо күрөөсүн берүүгө тийиш жана талапкерлердин тизмесин сунуштоого тийиш",-дейт Азиз.

Бирок ал азырынча бир дагы партия талапкерлерин тизмесин сунуштай электигин айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин шайлоого катышууга 34 партия арыз берип, бирок болгону анын 30у гана атайын эсеп ачышкан.

Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...