Акыркы макалалар

Н.Ахмедова: “Кыргыз-россия өнүктүрүү фондунун негизги максаты – биздин бизнести жеткиликтүү насыя менен камсыздоо”

Кыргыз-россия өнүктүрүү фондунун негизги миссиясы – биздин бизнести жеткиликтүү насыя менен камсыздоо болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн “Евразия экономикалык биримдиги. Аймактар аралык кызматташтыктын жаңы пландары” IV кыргыз-россия аймактар аралык конференциясында Кыргыз-россия өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрайымы Нурсулуу Ахмедова билдирди.

Анын айтымында, бул фонд өлкө үчүн жаңы дем. “Бизнес чөйрөсүндө жогорку атаандаштык, валюта көйгөйү жана башка көптөгөн маселелер бар. Биз россиялык кесиптештерибиз менен узак талкуулап, бизге ушундай фонд зарыл деген чечимге келдик. Аталган фонддун негизги максаты КРнын экономикасын өнүктүрүү жана аны Евразия экономикалык биримдигине ыңгайлаштыруу болуп саналат”,-деди Н.Ахмедова.

Ал белгилегендей, фонд Кыргызстан менен Россиянын ортосунда экономикалык кызматташтыкка колдоо көрсөтүү, КРнын экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү, тараптардын евразия экономикалык интеграциясына катышуусу менен шартталган мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу колдонуу максатында уюштурулду.

“Насыянын мөөнөтү 5 жыл. Пайыздык үстөк улуттук валютада 12%ды түзөт. Насыя өндүрүштү модернизациялоо жана жаңылоого берилет. Долбоорлорду каржылоодо айыл чарба долбоорлоруна, андан кийин жеңил жана кайра иштетүүчү өнөр жайларга басым жасалат. Көрсөтүлгөн тармактарды өнүктүрүү менен өнүктүрүү фонду 100 миң жаңы жумуш ордун түзүүнү көздөйт”,-деди ал.

Эскерте кетсек, Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 3-сентябрдан баштап ишкерлерге насыя берүүнү баштады. 3 млн долларга чейинки насыялар “РСК Банк” жана “Айыл банктар” аркылуу берилет, андан ашык алууну каалоочулар түздөн-түз өнүктүрүү фондуна кайрылышы керек.

Фонд Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин алкагында түзүлдү. Фондду Россия каржылайт, 1 млрд АКШ долларын бөлүү каралган, анын 500 млну уставдык капитал, калганы – карыз каражаттар.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...