Акыркы макалалар

Ош шаарынын күнүн белгилөө жылдырылды

4-октябрь КРнын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байланыштуу, 5-октябрь Ош шаарынын күнүн салтанаттуу белгилөө 29-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Мындай жарлыкка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кол койду. Ага ылайык, салтанаттуу иш-чаралар 29-октябрь күнү белгиленет. Шаар күнүн өткөрүү боюнча бүгүнкү күндө мэрия тарабынан бардык даярдыктар жүрүп жатат. Жылдагыдан быйыл өзгөчө өткөрүү максатында атайын адистердин кеңеши менен шаар күнүн белгилөөнүн сценарийлери иштелүүдө. Мындан сырткары шаар күнүнө карата жаңы курулган бир катар социалдык обьектилердин ачылышы болот.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...