Акыркы макалалар

Булак: Коалицияга КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Ата Мекен" кирет

"ВБ"нын жеке булагы алтынчы чакырылыштагы парламенттин мүмкүн болуучу курамы жөнүндө маалымат берди.

Маектештин берген маалыматына караганда, 5-октябрдан тартып эле шайлоонун алдын ала маалыматтары боюнча 7 пайыздык босогону өткөн алты саясий партия башкаруучу альясты түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

"Бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр жыйынтыктала элек. Бирок кээ бир макулдашуулар бар. Негизинен коалицияга төрт фракция кирет: КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Ата Мекен". Ал эми "Республика "Ата-Журт" менен "Бир Бол" парламенттин оппозициясында болот. Мындайча айтканда коалицияга 70 депутат кирсе, оппозицияда 50 эл өкүлү болмокчу".-деп билдирди булак.

Маектештин айтымында, жаңы коалициянын курамы өкмөт башчылыкка Канатбек Исаевдин талапкерлигин карап жатат.

БШКдан маалымдашкандай, парламенттке алты партиядан төмөнкүдөй эсеп менен депутаттар кириши ыктымал:

КСДП - 37;

"Республика Ата-Журт" - 29;

"Кыргызстан" - 18;

"Өнүгүү-Прогресс" - 13;

"Бир Бол" - 12;

"Ата Мекен" - 11.

Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык, шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин БШК шайланган партиялардын талапкерлерине депутаттык мандат тапшырат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...