Акыркы макалалар

Боом капчыгайында 12-16-октябрь аралыгында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун тилкесинде таштар атайлап түшүрүлөт

Боом капчыгайында 12-16-октябрь аралыгында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун тилкесинде таштарды атайлап түшүрүү иши жасалат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу УК” МИ басма сөз кызматы билдирди.

“Поезд жана автоунаа каражаттарынын кыймылынын копсуздугун камсыздоо үчүн 2015-жылдын 12-16-октябрь аралыгында, “Кыргыз темир жолу УК” МИ кызматкерлеринин күчү менен Боом капчыгайынын Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу тилкесинде таштарды атайлап түшүрүү боюнча жумуш жасалат”, - деп айтылат билдирүүдө.

2015-жылдын 12-16-октябрь аралыгында саат 10:00дог 16:00го чейин автоунаа кыймылы маал-маалы менен КР ИИМ ЖКК кызматкерлери тарабынан жабылып турат.

“Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайбыз жана кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууга ишеним артабыз”, - дейт мекемеден.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...