Акыркы макалалар

"Кыял" кыргыздын кол өнөрчүлүгүнө "көлөкө" түшүрүп жатабы?

"Кыял" кыргыздын кол өнөрчүлүгүнө "көлөкө" түшүрүп жатабы?

Убагында «Кыял» абдан күчтүү мекеме болгон. Бирок, азыркы убакта анын имаратында кафе, ресторан, дарыкана ж.б. нерселердин баарын ачып алган. Кол өнөрчүлөр иштеп жатат деди. Алардын канчалык деңгээлде иш жүргүзүп жаткандыгын көрөлү десек, бизди киргизбей коюшту. Ал эми базардын ичи болсо жалаң алып сатарлардын жана нукура кыргыздын кийизинен жасалган буюм жок. Карап көрсөңөр бүт эле Кытайдын материалдарынан жасалган буюмдар. Алар жасаган буюмдар абдан кооз көрүнөт, бирок, уруна келгенде биринчиден ден-соолукка зыян, экинчиден саймаларды атайын машинкалар менен сайгандыктан, өзүнүн көркөмүн жоготуп коюп атат, - дейт кол өнөрчүлөр.

«Улут уюткусу» программасынын бул жолку чыгарылышында Кыргызстандагы кол өнөрчүлөрдүн күнү кандай белгиленди, учурда алардын абалы кандай, мамлекет тарабынан кандай колдоолор бар, деги эле биздин кол өнөрчүлөр учурда эмнеге муктаж? Мына ушул маселелердин тегерегинде маектештик. Конокто Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин жетекчиси Жамбы Карыбекова, ККӨКтүн жетекчисинин Ысык-Көл облусундагы жардамчысы Абдрашева Бегинур жана ККӨКтүн жетекчисинин Жалал-Абад облусундагы жардамчысы Гүлжамал Саматова болду.

Расмий бекитилбеген Кол өнөрчүлөр күнү быйыл 3-жолу белгиленди

Жамбы Карыбекова:

- Кол өнөрчүлөр кеңешин түзгөнүбүзгө эки жыл болду. Мурда ар кандай чар-жайыт болуп ким көргөзмөгө чакырса, ошого келип катышып, өз буюмдарыбызды сатуу менен алек болуп, эч ким биздин үнүбүздү укчу эмес. Бирок, кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүсүз, кооздугусуз эч бир маараке өтпөйт. Анткени биздин боз үйүбүз тигилбесе, улуттук кийимдерибиз кийилбесе, ар кандай кооз буюмдарыбыз коюлбаса кыргыздын шааниси келеби да, мааракеси өтөбү? Керек болсо кыргыздын жамандыгында дагы биздин боз үй тигилет. Ошондуктан, айыл жериндеги элдин 30 пайыз жумушу, айрыкча аялдардыкы кол өнөрчүлүккө байланыштуу. Себеби, аялдар жок дегенде өз үйүн камсыздап, жылуулап, көркөмдөө менен үйүнө кошкон салымы болуп эсептелет. Ошондой болгон соң биз дагы бир уюмга айлансак, бириксек, тиешелүү жактарга үнүбүздү жеткирсек деген максатта түзүлгөнбүз.

Быйыл 10-жолу өткөн «Оймо» фестивалына жана башка көргөзмөлөргө ар кайсы аймактардан көп келээр элек. Ошентип бири-бирибизди жакындан таанып калдык. Анан алгач биз ушул тармакты өнүктүрөлү, кыргыздын тили, маданияты чар-жайыт болуп турган заманда өз көрөңгөбүздү жоготпой, кайра жандандыралы деген ойго келип, аймактардан бириге баштадык. Буга чейин атайын биздин күнүбүз белгиленген эмес, же канча жыл кол өнөрчүлүк менен алектенип, канчалаган көргөзмөлөргө катышып, эмгегин сиңирсе дагы атайын бир сыйлыгы жок. Ушулардын бардыгын ойлонуп, мынча эл кол өнөрчүлүк менен алектенип жашасак, бул нерселерди талап кылуу үчүн жалгыз колубуздан келбейт, биргелешип уюм түзөлү деген чечимге келгенбиз. 2005-жылы биринчи жолу кол өнөрчүлөрдүн съездин өткөргөнбүз. Ошондо октябрь айынын экинчи жумасынын жекшембиси кол өнөрчүлөр күнү болсун деп токтом кабыл алганбыз. Бирок, ал тилекке каршы Өкмөт тарабынан бекибей калган. Бул күндү Кеңеш болуп түзүлгөндөн бери т.а. 3-жылы белгилеп жатабыз. Муну бекитип берүү жана кол өнөрчүлөрдү сыйлыкка көрсөтүү боюнча Өкмөткө кат жазганбыз. Бирок жооп болгон жок. Бизди көбүнчө Эл аралык уюмдар колдоого алып, ошолор бизди жандандырып, колдоо көрсөтүп жатышат. Азырынча кол өнөрчүлөр күнүн Бишкек шаарында эле чогулуп өткөрүп жатабыз. Ар бир региондордо өткөрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок.

Кыргызга тиешелүү баалуулуктарды кимдер уурдап жатат?

Бегинур Абдрашева:

- Биз ушул Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешин уюштуруунун алдында бүт Кыргызстан боюнча кол өнөрчүлөрдүн изилдөө анализин жүргүзгөнбүз. Анда кандай көйгөйлөр бар, эмне себептен биздин кол өнөрчүлөр көмүскөдө болуп, башка өлкөлөрдөгүдөй бийиктикке чыга албайбыз? деген суроолорду коюп, анын негизинде стратегиялык иш планын түздүк. Ал планда эң биринчиден Кыргызстандагы кол өнөрчүлөргө жардам көрсөтүү болгон. Аны биз Өкмөткө кайрылуу менен баштадык. Кайрылууда бизге бир күндү белгилеп, кол өнөрчүлөргө статус берүү, сыйлыктарды жана салык жагын карап берүү айтылган. Кол өнөрчүлөр үчүн атайын мыйзам керек деп бир нече жолу кайрылганбыз. Бирок, Өкмөт тараптан бизде каттоодон өткөн «Кыял» фирмасы бар, ошону менен иштешкиле деген жооп келди. Убагында «Кыял» абдан күчтүү мекеме болгон. Бирок, азыркы убакта анын имаратында кафе, ресторан, дарыкана ж.б. нерселердин баарын ачып алган. Кол өнөрчүлөр иштеп жатат деди. Алардын канчалык деңгээлде иш жүргүзүп жаткандыгын көрөлү десек, бизди киргизбей коюшту. Ал эми базардын ичи болсо жалаң алып сатарлардын жана нукура кыргыздын кийизинен жасалган буюм жок. Карап көрсөңөр бүт эле Кытайдын материалдарынан жасалган буюмдар. Алар жасаган буюмдар абдан кооз көрүнөт, бирок, уруна келгенде биринчиден ден-соолукка зыян, экинчиден саймаларды атайын машинкалар менен сайгандыктан, өзүнүн көркөмүн жоготуп коюп атат. Кыргыздын нукура буюмдары карасак, 100 жыл болгон туш кийиздер, шырдак, боз үйдүн жабдыктары ж.б. буюмдары эч нерсе болбой бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Анткени ал экологиялык жактан таза жана кол менен жасалган. Ошол «Кыял» чыгарып жаткан буюмдарды карап туруп, өзүбүздүн нукура маданиятыбызды, кол өнөрчүлүгүбүздү жоготуп алуудан корксок. Кыргыздын нукура шырдак, ала кийиздин көчүрмөлөрүн Кытайдан келген жасалма кездемелерге түшүрүп, сатып жатышат. Мындай нерсеге башка өлкөлөрдө тыюу салынган. Себеби бул бир улутка гана тиешелүү баалуулук болуп саналат. Аны башкалар уурдабаш керек. Бирок биздин оймолор бүт дүйнөгө килем ж.б. болуп тарап кеткен. Бул суроону биз көтөрбөсөк, башка бирөөлөр көтөрбөйт.

Кол өнөрчүлөрдүн көздөгөнү - нукура кыргыз айылын түзүү

Жамбы Карыбекова:

- Биздин кол өнөрчүлөр кеңеши көбүнчө айыл-кыштактардан келгендерден түзүлгөн. Ал эми «Кыялда» кол өнөрчүлөр жок дегенден алысмын, 30 пайызы иштеп жатышат. Аларга биздин кенедей дагы зыяныбыз, аларга каршы эч нерсебиз жок. Ошол жерде мискей, чакадан баштап эмне гана сатпайт. Биздин кол өнөрчүлөр ар кандай көргөзмөлөргө келгенде, же чет элдик туристтреден суроо-талаптар болуп калса, бизидин буюмдарыбызды коюп коер жер жок, алыскы аймактардан ары-бери ташыганга туура келип атат. Илгертен «Кыял» кол өнөрчүлүк бирикме болуп элге сиңип калган. Ошондуктан өзүнүн кол өнөрчүлөрүн калтырып, бизге дагы ошол жерден орун бөлүп берсе, кыргыздын кол өнөрчүлүгүн издегендерге ыңгайлуу шарт түзсөк, биздин буюмдар ошол жерде сатылса деген максатыбыз бар. Аны маданият министрлигинде атайын бизди көзөмөлдөй турган бөлүм түзүлүп, башкарып турса да болот. Алгач айылдардан кол өнөрчүлүк топторду түзөлү, андан районго бириктирип, райондорду облуска бириктирип, этно айыл түзөлү, аны борборго бириктирели деген ойдобуз. Эгер «Кыялды» такыр эле ээлеп алган болсо, ошого тете жер бөлүп берсе деген талабыбыз бар. Мисалга, Манас айылы эч кароосуз калып, күндөн-күнгө талкаланып, жок болуп баратат. Ал канча эмгек менен жасалган. Эгер аны бизге кошсо, аны андан да өркүндөтөт элек. Ал жерде бир эле кол өнөрчүлүк эмес, кыргыз айылына кирип баратканда кыргыздын менталитети, улуттук оюндары, музыкасы, унутулган каада-салты, тамак-ашы, меймандостугу илгертен бери ушул күнгө чейинкиси көрсөтүлүп, үйрөтүлүп, кыргыз жыттанып турса деген ойдобуз. Кыргыздын маданиятын даңазалай урган борбор түзүш керек. Бул биздин жеке колубуздан келбей жаткандыктан, Өкмөт киришиш керек. Мисалга Италияда ушундай бир айылы бар экен. Ал жакка барган кишилердин баары Миланга ошону көрүү үчүн барат. Андан учурда мамлекетке миллиондогон акчалар түшүп турат. Мындай нерсени биз өзүбүз жасап берели деп жатабыз.

Автор: Каныкей Бозгунова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...