Акыркы макалалар

Жок кылынган кылмышкер Алтынбек Итибаевдин эки көмөкчүсү кармалды

Жок кылынган кылмышкер Алтынбек Итибаевдин эки көмөкчүсү кармалды. Бул тууралуу ИИМ башчысы Мелис Турганбаев жума күнү маалымат жыйынында билдирди.

“Жок кылынган кылмышкер Алтынбек Итибаевдин эки көмөкчүсү кармалды. Аял, болжол менен Итибаевдин жубайы, мурда ошол эле аял анын өнөктөшү Кайраттын жубайы болгон. Кайрат болжол менен Сирияда каза болгон. Дал ошол Кайраттын энесинин үйүндө Итибаев жашырынып отурган. Ошондой эле ал жерде дагы бир жигит бар экен, ал экөө мурда абакта бирге отурушкан. Учурда сурак жүрүп жатат”, - деди М. Турганбаев.

Мурда маалымдалгандай, кечээ Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө №50 абагынан качып чыккандардын акыркысы жок кылынган. Итибаев курлдык каршылык көрсөтүп, колго түшүрүү учурунда жок кылынган.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...