Акыркы макалалар

Кыргызстан быйылкы жылдын жыйым-теримин аяктады

Республиканын айыл чарба субъектилери 16-октябрга карата өстүрүлгөн кылкандуу дан жана бакча өсүмдүктөрүн оруп жыйноо иштерин аяктады. Бул тууралу "Кабар" агенттигине Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрү 472,4 миң га аянтка айдалган. Анын ичинен 297,0 миң гектары буудай, 175,0 миң гектары арпа. Ошондо республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн орточо түшүмдүүлүгү 24,8 ц/га түздү. Эгерде өткөн жылга карата салыштырсак 6,9 ц/га жогору болду. Алсак, буудай 25,9 ц/га, же 6,1 ц/га жогору, арпа боюнча 22,9 ц/га, же 9,2 ц/га жогору,- деп айтылат маалыматта.

Буудай боюнча эң көп түшүмдү Жалал-Абад облусу алды-30,0 ц/га, ал эми арпа боюнча Ысык-Көл облусу-25,4 ц/га.

Республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 1168,6 миң тонна, же 2014-жылга карата 298,4 миң тоннага көп, мунун ичинен буудай -768,1 миң тонна, же 103,4 миң тоннага көп, ал эми арпанын түшүмү- 400,5 миң тонна, же 195,0 миң тоннага көп,-деп билдирет министрлик.

Бахча өсүмдүктөрү боюнча айтсак, 11,3 миң га себүү аянттан жыйналып алынды, жыйналган түшүм 234,8 миң тонна дүң жыйымды түздү. Бул 2014-жылга карата 26,8 миң тоннага көп.

Өстүрүлгөн чанактуу, май, жашылча (Чүй облусунан башка) өсүмдүктөрү, картошканын оруп жыйноо иштерин ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин аяктоосу күтүлүүдө.

Чанактуу өсүмдүктөрү 53,1 миң га аянттан жыйналып алынды, же 92,6%ды түзөт. Орточо түшүмдүүлүк болсо 18,7 ц/га, же өткөн жылга карата 1,8 ц/га көп, 99,3 миң тонна дан алынды. Мындай эсеп өткөн жылга караганда 16,1 миң тоннага көп,- деп айтылат маалыматта.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...