Акыркы макалалар

Парламентте алты фракция түзүлдү

Парламентте алты фракция түзүлдү

Бүгүн, 28- октябрда КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында КСДП 38 депутаттан турган фракция түзгөндүгүн жана анын башында Турсунбеков өзү тура тургандыгын айтты.

"Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов дагы анын фракциясына 28 депутат киргендигин айтып, фракцияны өзү башкара тургандыгын билдирди.

"Кыргызстан" партиясынын төрагасы Канат Исаев, анын фракциясына дагы парламентке өткөн бардык партиялаштары киргендигин айтты. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча "Кыргызстан" партиясы 18 мандат алган. Аталган фракцияны дагы Исаев өзү жетектейт.

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев алар дагы бирдиктүү бир фракция түзгөндүгүн айтты. Ага мандат алган 13 депутат кирди. Төрөбаев парламенттин бул чакырылышы ынтымактуу болуп эл үчүн иштейт деген ишенимин билдирди. Ошондой эле аларга ишеним көрсөткөн шайлоочуларга ыраазычылык билдирди.

"Биз бирдикте иштеп, элдин үмүтүн өчүрбөшүбүз керек. Ар бир партиянын өзүнүн программасы бар, бирок биз элдин келечеги үчүн иш алып барышыбыз керек. Биз бир-бирибизди түшүнүп, көп маселелерди чечүүдө бирдиктүү бир пикирге келебиз деген ойдомун"- деди ал.

"Бир Бол" партиясынын өкүлү Мыктыбек Абдылдаев алар дагы өздөрүнүн фракциясын түзгөндүгүн айтты. Шайлоонун жыйынтыгы менен партияга 12 мандат берилген. Түзүлгөн фракцияны Алтынбек Сулайманов жетектейт. Ал эми анын орун басары болуп укук коргоочу Чолпон Жакупова шайланган.

"Ата Мекен" партиясынын өкүлү Жоомарт Сапарбаев алар 11 кишиден турган өздөрүнүн фракциясын түзгөндүгүн айтты. Ал эми фракцияны Өмүрбек Текебаев жетектейт.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...