Акыркы макалалар

Борбор Азия өлкөлөрүндө терракт уюштуруу үчүн ИГИЛ $70 млн ашуун каражат бөлгөн

Борбор Азия өлкөлөрүндө терракт уюштуруу үчүн ИГИЛ $70 млн ашуун каражат бөлгөн

Борбор Азия өлкөлөрүндө терракт уюштуруу, жардыруу жана жарандарды тартуу үчүн ИГИЛ $70 млн ашуун каражат жумшаган. Бул тууралуу журналисттерге КР УКМК “Альфа” антитеррор атайын бөлүмүнүн ардагерлеринин коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков билдирди.

“Бир нече жылдан бери Ислам мамлекети өз өкүлдөрүн Кавказда да, жана Борбор Азия өлкөлөрүндө да жайгаштырган. Ошондой эле бул өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да террактарды, жардырууларды уюштуруу, жана жарандарды өз катарына тартуу үчүн алар $70 млн ашуун каражат бөлүшкөн”, - деди А. Медетбеков.

Анын белгилөөсүндө, Орусиянын Сириядагы согуштук аракеттери, бул өз аймагынын, өз элинин, ошондой эле КККУ жана ШКУ өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...