Акыркы макалалар

Камчы Көлбаевдин иши сотко өттү

Камчы Көлбаевдин иши сотко өттү

Мурунку жумада Камчы Көлбаевге козголгон кылмыш иш боюнча тергөө аяктап, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлдү.

К. Көлбаевге КРнын кылмыш - жаза кодексинин «Адам уурдоо», «Адамдарды эркинен мыйзамсыз ажыратуу», «Куралды, ок - дарыны жана жарылчу заттарды мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү, бирөөнө берүү, даярдоо жана сатуу», «Баңгизат сатып алуу, таратуу жана сатуу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

К. Көлбаев Кыргызстанга 2012 - жылдын бештин айынын сегизинде Дубайдан Бишкекке алынып келинген. Ошол замат ал улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган.

Кабарды кененирээк www.maralfm.kg сайтынан аудио форматында уга аласыздар

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...