Акыркы макалалар

Жумгалда малдын дарты аныкталбай козулар кырылууда

Жумгалда малдын дарты аныкталбай козулар кырылууда

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында мал дартынын анализи аныкталбай 2 үйдүн короосунан 15 козу, 2 кой, 1 эчки өлүп дагы короодогу мал жандыктар ооруп келет. Бул туурасында аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев билдирди.

Кабарчынын айтымында, Чаек айылынын тургуну Барчынбек Орозобековдун короосунан 1 кой, 1 эчки жана 7 козусу кырылса Орозматов Жээнбектин 2 койу менен 9 козусу өлгөн жана калган 10-ашык мал жандыктары ооруп короодогу жандыктардан бөлүнгөн жайда камалып турат, күнүнө кырылып жаткан мал жандыктарынын дарты эмне экенин билишпейт, райондун ветеринар адистери дартты анализдөөгө ушу кезге чейин жибербегендигин жана малга вакцинация сайганы менен кайрадан жандыктар кырылып жаткандыгын айыл тургундары айтып кейишет.“Өлүп жаткан козулардын белгилери денеси кызарып сыйрылып, жүндөрү түшүп, буттары, баштары шишип оозунан шилекей агып эле жатып калып эле өлүп калып атат» — дейт Орозобеков.Эскерте кетсек 8-мартта айыл тургундар райондук ветеринария башкармалыгына кайрылышкан, бирок ветадистер 23-мартта келип малдарга вакцинация сайып 14 күндүн ичинде аягып бүтүп калат деп айтышкан, бирок азыр 7-апрель болуп арадан 16-17 күн өтүп кетсе да жандыктардын кырылуусу токтобой келет.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...