Акыркы макалалар

Дин өкүлдөрү карыяларга кайрымдуулук көрсөттү

30-март Кыргызстан муфтияты тарабынан Кайрымдуулук күнү деп жарыяланган. Анда өлкө боюнча 5 миңге чукул дин кызматкерлери жер-жерлерде кайрымдуулук иштерин көрсөтүштү.

Анын алкагында Ош облустук казыяты Кара-Суу районундагы кароосуз калган карыялардын үйүнө барып, камкордук жасашты. Бул маалыматты Ош облусунун казысы Султанали Гапуров билдирди. Кайрымдуулук иш-чарасында казыят өкүлдөрү карыяларга күнүмдүк турмушта колдонулуучу атыр, самын сыяктуу каражаттарды белекке беришти. Андан сырткары, карыялар үйүнүн эшик-терезесин сырдап, короо-жайын да тазалап ишембилик өткөрүштү. Эскерте кетсек, бул карыялар үйү мамлекеттен каржыланбайт. Бул жайда асыралып жаткан 13 карыянын тамак-ашына, аларды караган адамдарга да эч кандай акы төлөнбөйт. Аны жергиликтүү тургундар эле өз демилгеси менен үрөн чарбасы болуп турган имаратты оңдоп-түзөп кароосуз адамдын баш калкалоочу жайы кылып беришкен. Ошондуктан, бүгүнкү күндө карыялар үйү камкордукка, ал эми имараты оңдоо ишине өтө муктаж.

Зыйнат Ибрайимова, Ош

05.04.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...