Акыркы макалалар

Көпчүлүк коалициясы парламенттин кароосуна өкмөттүн жаңы курамын сунуштады

Көпчүлүк коалициясы парламенттин кароосуна өкмөттүн жаңы курамын сунуштады

Көпчүлүк коалициясы парламенттин кароосуна өкмөттүн жаңы курамын сунуштады. Бул тууралуу 3-ноябрда "ВБ"га Ак үйдөгү булактар билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк коалициясы өкмөттүн курамын өзгөртүүсүз калтырууну чечкен. Ал эми талапкерлер орду бош министрлик кызмат үчүн гана сунушталат.

"Вице-премьер-министрлерди гана алмаштыруу чечими кабыл алынды. Алардын саны дагы кыскарды. Мурун премьердин 4 орун басары болсо, азыр экөө гана болот. Талапкерлер премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев менен макулдашылган", - деди булак.

Көпчүлүк коалициясы сунуштап жаткан өкмөттүн курамы

Премьер-министр Темир Сариев.

Биринчи вице-премьер-министрлик кызматка КСДПнын квотасынан Аалы Карашева.

Экономикалык жана инвестициялык маселелер боюнча вице-премьер-министрлик кызматка экономика министринин милдетин аткаруучу Олег Панкратов.

Социалдык саясат боюнча вице-премьер-министрлик кызматка президенттин аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Кудайбердиева.

Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси болуп Нурханбек Момуналиев калат (премьер-министрдин квотасы).

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ордунда калат (премьер-министрдин квотасы).

Ички иштер министри Мелис Турганбаев дагы ордунда калат (премьер-министрдин жана президенттин квотасы).

Юстиция министри болуп буга чейин "Ата Мекен" фракциясынын квотасынан келген Жылдыз Мамбеталиева ордунда калат.

Каржы министри Адылбек Касымалиев ордунда калат.

Экономика жана өнөр- жай министрине "Кыргызстан" фракциясынын квотасынан Арзыбек Кожошев келет.

Айыл чарба жана мелиорация министрлигине "Өнүгүү" фракциясынын квотасынан Турдуназир Бекбоевдин талапкерлиги сунушталууда.

Унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев ордунда калат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов дагы ордунда калат (премьер-министрдин квотасы).

Билим берүү жана илим министри болуп КСДП фракциясынын квотасынан Эльвира Сариева ордунда калат.

Саламаттык сактоо министри болуп КСДП фракциясынын квотасынан Талантбек Батыралиев ордунда калат.

Маданият, маалымат жана туризм министри болуп Алтынбек Максутов ордунда калат.

Социалдык өнүгүү министри болуп "Ата Мекен" фракциясынын квотасынан Кудайберген Базарбаев ордунда калат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп Бусурманкул Табалдиев ордунда калат (президенттин квотасы).

Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагалыгына талапкер азырынча тактала элек (президенттин квотасы).

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...