Акыркы макалалар

Азиз Батукаев өлкөдөн чыгып кетти

Азиз Батукаев өлкөдөн чыгып кетти

Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен оор илдетке чалдыккандыгына байланыштуу эркиндикке чыгарылган. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исмаил Исаков анын Орусияга кеткендигин айтып чыкты. Эгер бул маалымат такталса тиешелүү кызматтагы жетекчилерди кызмат ордунан бошотуш керек деген маселени да козгоду. Бул маалыматты тактоо максатында чек ара кызматына кайрылганыбызда, Батукаев кечээ «Манас» аба майданы пунктунан Орусия Федерациясына учуп кеткендигин билдиришти. Бул маалымат аларга УКМ жана ИИМден келип түшкөн. Бирок Батукаевди чек арадан чыгарбоого эч кандай чектөө болбогондугун айтышууда. Азиз Батукаевге 2006-жылы үй мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыратылган. Бирок илдетине байланыштуу жаза мөөнөтүн кыскартууну Нарындагы тергөө абагынын администрациясы суранган. Бул арыздын негизинде 8 жылдык жаза мөөнөтү бүтө элек Батукаевди Нарын шаардык соту эркиндикке чыгарган.

Кабарды кененирээк http://www.maralfm.kg сайтынан аудио форматында уга аласыздар

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...