Акыркы макалалар

Бабанов: Биздин фракция жалгыз оппозициялык фракция

Бабанов: Биздин фракция жалгыз оппозициялык фракция

Бул тууралуу “Республика Ата-Журт” фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов парламентте комитет төрагаларын шайлоодон кийин билдирди. Ал өзү жетектеген фракция 28 мандаты бар туруп, бир да комитетке төрага боло албаганына нааразылыгын билдирди.

Парламенттин структурасы түзүлүп жаткан учурда “Республика Ата-Журт” фракциясынан коюлган талапкерлер депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ боло алган жок. Аталган фракция Жогорку Кеңеш спикеринин орун басарлыгына да ээ боло алган эмес.

Социал-демократтар фракциясы Жогорку Кеңештеги үч комитетке төрагалык кылат, “Кыргызстан” фракциясы менен оппозициядагы “Бир Бол” фракциясы экиден комитетке, “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары бирден комитетке төрагалык кылышат. Жалпысы болуп парламентте тогуз комитет бар.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...