Акыркы макалалар

Коррупцияга каршы күрөш

Жакында райондук мамлекеттик администрациясына караштуу коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча Координациялык кеңешменин отуруму болду. Ага мекеме - уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчылары катышты. Анда районубузда 2012- жылда жана ушул жылдын 1-кварталында коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарынын аткарылуусу боюнча жүргүзүлгөн иш чаралар тууралу маселе каралды. Координациялык кеңешменин жүрүшүн райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – аким А.Тажибаев алып барды.

Күн тартибиндеги маселеде раймамадминистрациянын сектор башчысы А.Абдырахманов, райондун прокурорунун орун басары С.Сарыков, экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматынын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондор аралык бөлүмүнүн кызматкери Ж.Арзыматовдор маалымат беришти. Маалыматтарда төмөндөгүлөр белгиленди:

Кыргыз Республикасынын президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 сандуу «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы жана КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы, «2012-2014-жылдарда коррупцияга каршы туруу боюнча Программасынын негизинде Өзгөн раймамадминистрациясынын «2012-2014 - жылдарда коррупцияга каршы туруу боюнча» иш-чаралар планы бекитилген. Стратегияда коррупцияга каршы турууда күч органдарынын, сот системасынын иш-аракеттерин күчөтүү, жоопкерчилигин жогорулатуу жана бул багытта негизги иш-чараларды жүргүзүшү зарыл экендиги белгиленген. Ошону менен бирге мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупциянын алдын-алуу боюнча бир катар милдеттер коюлган.

Райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан кээ бир малекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына «2012-2014-жылдарда коррупцияга каршы туруу боюнча» планынын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүлгөн.

Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан КРнын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 сандуу «КРнын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы жана«2012-2014- жылдарда коррупцияга каршы туруу боюнча 2012-2014- жылдарга КРнын Өкмөтүнүн коррупцияга каршы аркеттенүү боюнча программасы» аткарууга жана жетекчиликке алынган эмес жана тийиштүү аракеттер жүргүзүлбөгөн.

Ошону менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын-алуу боюнча бир нече талаптар аткарылбай келүүдө: жер участокторун бөлүүдө, сатууда, гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө жана башкаларда коррупциянын пайда болушун азайтуу жана алдын-алуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу, социалдык кызматкерлердин арасында коррупциялык көрүнүштөр тууралу атайын тегерек столдорду уюштуруу, жергиликтүү бюджеттердин коомдук угууларын өткөрүү, отурумдарда , жыйындарда жана башка иш-чараларда коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча маселелерди кароо.

Прокуратура тарабынан 2012-жылы коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндүгү мыйзамдарынын аткарылуусу боюнча 30 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен мыйзам бузуучулуктарды болтурбоо жана мыйзам бузуучулуктарга жол берген кызмат адамдарына жана кызматчыларына тартиптик жагдайда чара көрүлүүсү үчүн 34 сунуш, мыйзам бузуучулуктарды тез арада четтетүү жөнүндө 7 талап келтирилип, 1 каршылык билдирүү, 1 алдын ала эскертүү берилген жана 1 тартиптик өндүрүш менен 14 кылмыш иш козголгон. Келтирилеген прокурордук актылардын негизинде 66 кызмат адамы тартиптик жазага кириптер болушуп, 76 723 сом акча каражаты мамлекеттик бюджетке кайтарылган.

2012-жылы райондук прокуратура тарабынан «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын аткарылуусу боюнча 14 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен мыйзам бузуучулуктарды болтурбоо жана мыйзам бузуучулуктарга жол берген кызмат адамдарына жана кызматчыларына тартиптик жагдайда чара көрүлүүсү үчүн 26 сунуш, 1 талап жана 1 мыйзам талаптарын бузуу менен кабыл алынган токтомго прокурордук каршылык келтирилип, 5 кылмыш иш козголгон.

Прокуратура тарабынан келтирилеген прокурордук актылардын негизинде 53 кызмат адамы тартиптик жазага кириптер болушкан.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын жана мыйзам актыларынын аткарылуусу боюнча райондук прокуратура тарабынан 2013- жылдын 1-кварталында да бир топ иш аракеттер аткарылды.

Тактап айтканда, прокуратура тарабынан 2013- жылдын 1-кварталында коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзамдарынын аткарылуусу боюнча 10 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен мыйзам бузуучулуктарды болтурбоо жана мыйзам бузуучулуктарга жол берген кызмат адамдарына жана кызматчыларына тартиптик жагдайда чара көрүлүүсү үчүн 11 сунуш,мыйзам бузуучулуктарды четтетүү жөнүндө 11 талап, мыйзам бузуучулукка жол бербөө жөнүндө 4 кызмат адамына эскертүү берилип, 3 административдик өндүрүш жана 5 кылмыш иш козголгон.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актылардын негизинде 21 кызмат адамы тартиптик жазага кириптер болушкан.

2013-жылдын 1- кварталында прокуратура тарабынан «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамынын аткарылуусу боюнча 3 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен мыйзам бузуучулуктарды болтурбоо жана мыйзам бузуучулуктага жол берген кызмат адамдарына жана кызматчыларына тартиптик жагдайда чара көрүлүүсү үчүн 7 сунуш, мыйзам бузуучулуктарды четтетүү жөнүндө 4 талап берилип, 5 кылмыш иши козголгон.

Келтирилген прокурордук актылардын негизинде 17 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылышкан.

Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде райондук прокуратура тарабынан «Кыргыз Республикасынын Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо жөнүндөгү»Мыйзамынын аткарылуусу боюнча 3 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 3 администрациялык өндүрүш козголуп 1 сунуш, 7 талап жана мыйзам бузуучулукка жол бербөө жөнүндө 4 кызмат адамына эскертүү берилген.

Ошондой эле райондук прокуратура тарабынан «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын аткарылуусу боюнча 2 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен мыйзам бузуучулуктарды болтурбоо жана мыйзам бузуучулуктарга жол берген кызмат адамдарына жана кызматчыларына тартиптик жагдайда чара көрүлүүсү үчүн 2 сунуш берилген.

Келтирилген прокурордук актылардын негизинде 4 кызмат адамы тартиптик жазага кириптер болушкан.

Соңунда жогорудагылардын негизинде токтом кабыл алынып, ушул маселеде тиешелүүлөргө тапшырмалар берилип, аткаруу жагы милдеттендирилди.

Тургунбү Матмусаева.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...