Акыркы макалалар

Мамлекеттик тилге маани берилет, улут биримдиги жүрөктөн сезилет

4-апрель күнү аймагыбызга КРнын Өкмөтүнүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин директору Накен Касиев, Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзаибраимов, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин Ош өкүлчүлүгүнүн башчысы Расул Жолдошев, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин түштүк өкүлчүлүгүнүн башчысы Мырза Жээнбековдөр келишип, райондун акими Аттокур Тажибаев, Баш-Дөбө, Дөң-Булак айыл өкмөттөрүнүн, Өзгөн шаардык квартал комитеттетинин активтеринин катышуусунда жыйын болду. Жыйында КРнын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган 2013-2017-жылдардын мезгилине КРнын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясындагы каралган маанилүү маселелер болгон мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жөнүндөгү алдыда боло турган иш-чараларга токтолушту.

Алгач Б.Мурзаибраимов сөз баштап, мамлекеттик тилди ар бир Кыргызстандык сөзсүз билиши керектигин айтып, улуттар аралык ынтымактыкты чыңдоо боюнча омоктуу ойлорун айтып өттү. Ошондой эле Н.Касиев да буларга токтолду:

-Өзгөндө көп улуттуу эл жашайт. Ошого карабастан ынтымактуу жашашып, 2010-жылы Ош шаарында болгон окуяда бул жерде кайталанбады. 18-мартта кабыл алынган улуттук стратегия да дал ушул этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыёдоо башкы максатка ылайык. Мен ушул агентикке башчы болуп дайындалган соң, иш планымды даярдоого 2 ай убакыт алып, көп улуттуу эл жашаган аймактарда элдин үнүн угуп, алардын кеңеши менен иш жүргүзөйүн деп жыйын өткөрүүдөбүз. Андыктан, өз сунуш-пикирлериңиздерди билдириңиздер, чогуу иштешели. Биз жалпы коомчулук биригип, өз тилибизди сыйлай, сүйлөй билсек бактылуу болобуз. Мамлекет башчыбыз да “Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу болубуз”-деп баса белгилей өттү. Бул да элди ынтымакка чакырат-деп сөзүн жыйынтыктады.

Активдер тарабынан да сунуш берилип, мамлекеттик тил жана этностор аралык ынтымакты чыңдоо боюнча пикирлерди айтышты.

Андан соң Б.Мурзаибраимов Кыргызстан элдер ассамблеясы тарабынан Ардак грамоталарды өткөн жылдары улуттар аралык ынтымакты чыңдоого салымын кошушкан жарандарга тапшырды.

Акырында аким А.Тажибаев мамлекетибизде өзгөрүүлөр болуп жатканын, Өзгөн шаарын өнүктүрүүдө бир топ долбоорлор алдыда ишке ашаарын жана улуттук стратегияда кабыл алынган иштерди эл колдоого алып, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” өрүштүү Өзгөн аймагында ырашкерлик-ынтымактуулук өкүм сүрүп, бирдиктүү багытта жашай тургандыгыбызды билдирди.

Каныкей Жороева.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...