Акыркы макалалар

Бирдиктүү энергетикалык холдинг келерки жылдын башына карай түзүлөт

Бирдиктүү энергетикалык холдинг келерки жылдын башына карай түзүлөт

Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов 14-ноябрда энергетика тармагына байланыштуу жыйындан кийин билдирген. Панкратовдун айтымында, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин базасында Улуттук энергетикалык холдинг түзүү планы иштелип чыкты.

Ал планга ылайык Улуттук энергетикалык холдингди уюштуруу жана укуктук базасын түзүү иштери келерки жылдын 1-январына карай аякташ керек.

Парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн өкмөттүн жаңы структурасында Энергетика жана өнөр жай министрлиги жоюлуп, энергетика тармагын бирдиктүү холдингге топтоо каралган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...