Акыркы макалалар

Жумгал.Түгөл-Сай айылы май айында таза суу менен камсыз болот

Бул тууралуу маалыматты «Кочкор суу курулуш» ишканасынын мастери Жолдошбек Дүйшөналиев аймактык кабарчы Мирбек Асаналиевке билдирген. Анын маалыматында Түгөл-Сай айылынын тургундарына таза-суу үч ай эрте пайдаланууга берилет. Долбоор негизи август айында бүтүп сентябрь айында пайдаланууга берилмек, бирок жумуштардын 80 пайызы бүтүп калгандыктан май айы менен айылдыктар таза суу ичип калышат. Учурда суу алуучу 22 түтүк (водопровод) орнотулган, РЭС 31 электр чубалгысы кетчү тирөөчтөрүн орнотуп берди, эми жогорку чыңалуу линиясын кошуп берсе насос иштеп баштайт,-дейт Ж.Дүйшөналиев.

Эскерте кетчү жагдай, аталган айылга таза-суу долбоору 2011-жылы АРИС программасы аркылуу ишке ашырылып, 2012-жылдын апрель айында тендер өткөрүлүп аны «Кочкор суу курулуш» ишканасы жеңип алган. АРИС аркылуу өткөн долбоор 26 млн сомдун тегерегинде, долбоордо өздүк салымды жалпы каражаттын 5% айыл тургундары беришмек азыр 600 миң сомдой акча каражаты дагы чогултулбай келет.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...