Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө балык өстүрүү кирешелүү тармакка айланууда

Түп районундагы Күрмөнтү айылындагы көлмөлөрдүн биринде ушул эле айылдын тургуну Самарбек Жаманкараев 2012-жылдан бери балык өстүрүп келет.

Анын айтымында мында 3 жыл мурда лещ, карп, карась сыяктуу балыктардын 5 түрүнүн майда чабактары алынып келинип, коё берилген. Эми форель балыгын коё берүү колго алынып жатат. Азыр балыктардын алды 1-3 килограммдык салмак берип калды. Алдыда каражат төлөп, балык кармоо боюнча спорттук жай ачуу пландаштырылууда.

Балык чарбасына кызыккандар жеке эле Кыргызстандын аймагынан эмес, ал тургай чет мамлекеттерден дагы келишүүдө. Ал эми көлмөдөгү балыктарды тоюттандыруу боюнча комплекстүү иш чаралар иштелип чыккан. Балыктарга ар күнү 3 маал тамак-аш берилет. Кеткен чыгымдарды актоо жагы дагы туташ каралууда. Быйыл эле бул жерге 15 миң карп балыгынын колдо өстүрүлгөн майда чабактары салынды.

Жакынкы келечекте Ысык-Көлдө өстүрүлгөн балыктардын бир катар түрлөрүн алып келип, байыр алдыруу пландаштырылууда. Ал эми Кыргызстанда болсо балыктын 75 түрү көлдөрдө, көлмөлөрдө жана өзөн сууларында байырлап келишет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...