Акыркы макалалар

Кыргызстанда авто унааларын милдеттүү камсыздандыруу 2016-жылдан баштап күчүнө кирмей болду

Кыргызстанда авто унааларын милдеттүү камсыздандыруу 2016-жылдан баштап күчүнө кирмей болду

Авто унааларды милдетүү түрдө камсыздандыруу боюнча мыйзам 2016-жылдын 2-февралынан баштап күчүнө кирет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Өкмөтүнүн алдындагы финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл жүргүзүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы С.Муканбетов билдирди.

“Бүгүнкү күндө аракеттеги жарандык мыйзамда авто унаа ээлеринин жоопкерчилиги тууралуу айтылганы менен, аны жүзөгө ашыруу механизмдери жок болуп келген. Бул жол-транспорт кырсыгында башка бирөөгө зыян келтирген адамга таасир этүүгө, андан келтирилген чыгымды өндүрүп алууда чоң кыйынчылыктарды жаратып келет. Жыйынтыгында мындай окуянын күнөөкөрү келтирилген чыгымдын ордун толтурууга, ал эми жабырлануучу – ал адамдан кандайдыр бир компенсация алууга мүмкүнчүлүк болбой калууда”,-деди ал.

“Буга байланыштуу 2015-жылдын 24-июлунда (№192) КР Республикасынын “Авто унаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги жана унаа каражаттарын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” аталган мыйзамы кабыл алынган. Бул мыйзам 2016-жылдын 2-февралынан баштап иштей баштайт”,-деди С.Муканбетов.

“Кыргызстанда авто унаалардын саны 1 млндон ашты. Ага жараша авто унаа кырсыктары да көбөйүүдө. Статистикага кайрылсак бир күндө 1000ден ашык жол кырсыгы катталса, жылына 1000ден ашык адам каза таап, 10 миңдеген адам жаракат алууда. Авто унааны милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамы ушундай зарылчылыктан улам келип чыкты”,-деп кошумчалады ал.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...