Акыркы макалалар

Депутат Акылбек Жапаров: «Азыр сөөк коюуга жаңы жерлерди бөлүп берүү маселесин Өкмөт өзү колго алганы оң»

Өлкө аймагында сөөк коюу маселеси чоң көйгөйгө айланды. Сөөк коюлуучу жайларга жаңы жерлерди бөлүп берүү айыл өкмөттөрүнүн, алтургай, район менен шаар деңгээлинде чечилбей калды. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров бүгүнкү Жогорку Кеңеш жыйынынын жүрүшүндө билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

«Эл кыйналып жатат. Азыр сөөк коюуга жаңы жерлерди бөлүп берүү маселесин Өкмөт өзү колго алганы оң болуп турат. Менимче, атайын жайлар үчүн жер бөлүү Өкмөттүн токтому аркылуу аныкталса, бул багытта кыйла жылыштар болор эле. Мурдатан келаткан мындай тажырыйба бар, архивден таап чыкса болот»,- дейт А. Жапаров.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...