Акыркы макалалар

Ош шаарында Улуу Жеңиш күнүнө карата иш-чаралар башталды

Ош шаарында Улуу Жеңиш күнүнө карата иш-чаралар башталды

Ош шаарында Улуу Ата - Мекендик согуштун Жеңиш күнүнө арналган иш - чаралар башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан Гүлжан Ажыматова билдирди. Анын айтымында Ош шаардык жаштар комитети, Билим берүү жана Социалдык коргоо башкармалыктарынын демилгеси менен согуш ардагерлеринин үйлөрүнө «Бул үйдө биздин ардактуу ардагерибиз жашайт» - деп, алардын аты - жөнү жазылган тактайчалар орнотулууда.

«Негизги максат - арабызда жылдан жылга азайып бараткан баатырлардын эмгегин баалап, жаштардын арасында көптөгөн маалыматтык компанияларды уюштуруш керек», - дейт Ажыматова.

Стунденттер менен окуучулар да ардагерлердин короо - жайларын тазалап, колунан келген жардамдарын берип келишет. Азыркы убакта Ош шаарында Улуу Ата - Мекендик согуштун 43 ардагери бар.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...