Акыркы макалалар

"Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фонду “Мавлид” кечесин өткөрдү

"Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фонду “Мавлид” кечесин өткөрдү

Кожомкул атындагы Спорт ордосунда “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фонду муфтият менен биргеликте пайгамбарга арналган “Мавлид” кечесин өткөрдү. Эки сааттан ашык убакытка созулган кечеде муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев сөз сүйлөп, концерттик программа уюштурулуп, ажылыкка 3 билет ойнотулду. Кечеге келген элдердин саны да арбын болду. Бул иш - чара жыл сайын өткөрүлүп келе жатканын “Марал” радиосуна “Адеп башаты” коомдук фондунун мүчөсү Алманбет Осмон уулу билдирип, максаты Мухаммед пайгамбардын ыраазычылыгы болгондуктан жогорку деңгээлде уюштурганга аракет кылдык дейт. Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов “Адеп башаты” коомдук фонду элди ыймандуулукка, мекенди сүйүүгө жана динге кызмат кылууга чакырып жаткандыгын айтып, бул фонддун ийгилигинин сыры жасаган иштери Жалгыз Кудай үчүн экенин баса белгиледи. Кеченин соңунда ажылыкка бактылуу үч билет ойнотулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Ажылыкка чакыруу сертификатын утуп алган Жалал - Абад облусунун Чаткал районунун тургуну Кочкоров Талант күтүлбөгөн жерден утуп алганын айтып, эми ажыга бара турганын билдирди.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...