Акыркы макалалар

З. Чотаев: “Мектептерге дин сабагы акырындап киргизилет”

З. Чотаев: “Мектептерге дин сабагы акырындап киргизилет”

Кыргызстандын мектептерине дин сабагы акырындап киргизилмекчи. Ал сабак “Диндердин тарыхы деп аталып”, бир эле ислам эмес, башка да өлкөбүздөгү негизги диндердин тарыхы жогорку класстардын окуучуларына окутулмакча. Азырынча тиешелүү окуу китеби КРнын дин саясаты боюнча Концепциясын ишке ашыруунун алкагында даярдалып, айрым мектептерге пилоттук долбоор катары киргизүү маселеси чечилик жатат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине КРнын Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Закир Чотаев билдирди.

“Республикабыздын мектептеринде дин сабагын киргизүү маселеси коомчулук тарабынан көтөрүлүп, андан соң Жогорку Кеңеште да талкууланган. Натыйжада көптөгөн диний эксперттер жана депутаттар бул сабакты киргизүү зарылчылыгына токтолушкан. Анткени ар бир жаран мектеп партасынан дин тууралуу туура түшүнүк жана билим алса, кийин радикалдык жолго түшүп кетпейт. Бирок аталган сабак бир гана ислам дини тууралуу эмес, республикабыздагы башка да негизги диндердин тарыхы тууралуу болмокчу. Азыр окуу китеби даярдалып, дин багытындагы сабак бере турган 20 мугалим тандалып алынды. Алар дин тууралуу кошумча билим алып, даяр болгон соң, алгач дин сабагы айрым мектептерге киргизилмекчи. Андан соң жалпы билим берүү системасын камтыйт. Бул иш акырындап ишке ашырылмакчы”,- деди ал.

Мектептерде дин сабагын киргизүү маселеси коомчулукта кызуу талкууланып, айрым адистер тескери пикирин да айтып келишүүдө.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...