Акыркы макалалар

Бишкекте “Ийгиликтүү ишкер - күчтүү өлкө” көргөзмө - форуму өтөт

Бишкекте “Ийгиликтүү ишкер - күчтүү өлкө” көргөзмө - форуму өтөт

Эртең 23 - апрелде Жаш ишкерлер ассоциациясы "Ийгиликтүү ишкер - күчтүү өлкө” көргөзмө - форумун өткөрөт. Иш - чаранын башкы максаты - өлкөдөгү жаш ишкерлердин башын бириктирип, учурдагы ишкердикке тоскоол болуп жаткан көйгөйлөрдү талкуулоо.

Аталган иш - чарага Бишкек шаарынан 200дөн ашуун, ал эми региондордон 50 ишкердин жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин (КР Президентинин администрациясынын өкүлдөрү, КР ЖК депутаттары К. Самаков, Р.Жээнбеков, К.Иманалиев жана КР Өкмөтүнүн аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыгулов), эл аралык уюмдардын жана экономика тармагындагы эксперттердин катышуусу күтүлүүдө.

Ошондой эле форумдун алкагында ЖИАнын мүчөлөрүнүн продукциясын жана сунган кызматтарын таанытуу максатында 89 компания катышкан көргөзмө өткөрүлөт.

Бул тууралуу Марал радиосуна аталган ассоцияциянын аткаруучу мүдүрү Руслан Акматбек билдирди.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...