Акыркы макалалар

Жоолукчан окуучу кыздар эми "Ак жоолук" салынышат

Жоолукчан окуучу кыздар эми "Ак жоолук" салынышат

Чын куран айынан тарта жоолук салынган мектеп окуучуларынын көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйүн бир аз да болсо чечүү максатында жыйындар өтүп жатат. Аталган жыйынга мектептердин мүдүрлөрү, мугалимдери жана жоолук салынган окуучу кыздардын ата - энелери катышууда. Бул тууралуу Ош облусттук казыятынын аялдар бөлүмүнүн жетекчиси Жамила Жапашова маалымат берди.

"Ушул күнгө чейин Ош облусунун үч районунда жыйын өткөрдүк. Алар: Араван, Кара - Суу, Ноокат. Жыйындын негизги максаты, жоолук салынган мектеп окуучуларынын көйгөйүн чечүү болду. Акыркы убактарда жоолук салынып келген окуучуларды мектепке киргизбей, укуктарын тебелеп жатышат. Бирок андай болбошу керек. Биздин чеберлер мектеп окуучуларына ылайыктуу кылып жоолук тигишкен. Бизге ал абдан жакты. Ал ак түстөгү материалдан тигилген. Кара - Суулуктар чеберлер тарабынан тигилген жоолукту мектепке кийип башташкан. Бирок бул ак жоолукту тагынгысы келбегендерди кыйнабайбыз, болгону биз алардын тыкан жана аларга ыңгайлуу болушун каалап жатабыз", - дейт Жамила Жапашова.

Чеберлер тарабынан тигилген ак жоолуктарды 50 сомдон жогору баада сатып алууга болот. Ал кадимки жоолуктардай эмес. Атайын мектеп окуучуларына ылайыкталып тигилген. Жоолукту кыздар 5 - класстан өйдө тагынышат. Жогоруда аталган жыйын эми башка райондордо өтө бермекчи.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...