Акыркы макалалар

Чолпон-Атада ат майданы толук реконструкцияланып, физкультура, ден соолук комплекси курулат

Ал иш 2016-жылы өтүүчү «Көчмөндөр оюнунун 2-фестивалына карата жүзөгө ашырылат,-деди Чолпон-Ата архитектура жана шаар курулуш башкарма башчысынын орун басары Динара Эсенканова. Анын айтымында ат майдандын жаңы имараты, андагы жаңы орундар, жаңы трибуна кайрадан салынат. Келерки күзгө чейин бул курулуш толук бүткөрүлөт. Ошондой эле республикалык маанидеги Балыкчы-Каракол» автожолунун реконструкциялоо колго алынат.

Мындагы курорттук-рекреациялык зонанын түштүк батыш тарабында 7,4 гектар аянтка жаңы курулуш объектиси курулат. Ага ылайык үч кабаттуу физкультура-ден соолук комплексинин долбоору иштелип чыкты. Ал эки бөлүктөн турат. Биринчиси, баардык ыңгайлуулуктагы спорттук зал трибунасы менен, экинчиси, административдик-тиричилик комплекси, тренажердук залы жана күрөш залынын курулушу.

Учурда жол курулуштарын колго алуу толук кандуу жүрүп, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун 104 чакырымга тете тилкесинин курулушу жүрүп жатат. Бул үчүн «Кыргыз-жол транспорт-долбоорлоо» институтунун адистери, Чолпон-Ата шаар мэриясынын, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жана Бостери айыл аймагынын жетекчилиги менен макулдашуулар жүрүп, долбоорду жүзөгө ашыруу жумуштары колго алынууда.

Ошондой эле жаңыдан башат алган Чолпон-Ата ат майданынын 10 миң адамга эсептелген курулушу жана физкультура-ден соолук комплексинин имараты Бүткүл Дүйнөлүк «Көчмөндөр оюнунун» 2-сезонуна карата бүткөрүлөөрү так эсептелүүдө.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...