Акыркы макалалар

Равшан Жээнбеков: "Кыргызстандын келечеги ишкерлерде"

Равшан Жээнбеков: "Кыргызстандын келечеги ишкерлерде"

Бүгүн “Жаш ишкерлер ассоциациясы “Ийгиликтүү ишкер - күчтүү өлкө” аттуу көргөзмө - форумун өткөрдү. Аталган иш - чарага Бишкек шаарынан 250дөн ашуун, ал эми региондордон 50 ишкердин жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын, экономика тармагындагы эксперттердин катышуусунда өттү. Ошондой эле форумдун алкагында ЖИАнын мүчөлөрүнүн продукциясын жана сунган кызматтарын таанытуу максатында 89 компания катышкан көргөзмө өткөрүлдү. Аталган ассоциациянын аткаруучу мүдүрү Руслан Акматбек форум учурунда, өлкөдөгү жаш ишкерлердин учурдагы ишкердикке тоскоол болуп жаткан көйгөйлөрү эми чечилет деген ишенич бар деп билдирди.

Ал эми форумга катышкан Депутат Равшан Жээнбков "изилдөөлөрдүн жыйынтыгында дүйнөдөгү ишкерлер менен болгон эң начар байланыш Кыргызстан өкмөтүндө. Ушул себептен ишкерлер менен байланышты активдештирип, ишкерликти өнүктүрүп, аларга колдоо көрсөтүш керек. Өлкөбүздүн келечеги ишкерлерде. Үстүбүздөгү жылдан тарта ишкерлерге карата салык төлөмүнүн жогорулатылгандыгы жана алдын ала табыла турган пайданын 1 пайызын алуу, мыйзамга туура келбейт, ошондуктан Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары тарабынан бул токтомду жокко чыгаруу сунушун өкмөткө жолдодук", - деп билдирди.

Кошумчалай кетсек, Жаш ишкерлер ассоциациясы 2006 - жылдын 26 - декабрында өлкөбүздөгү ишкерлердин көйгөйлөрүн биргеликте чечүү, ишмердүүлүккө көмөктөшүү жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аракеттенген ишкерлерди колдоо максатында негизделген. Бүгүнкү күндө түзүлгөнүнө 6 жыл толуп, 300дөн ашуун ишкерлердин башын бириктирип, өлкөнүн баардык региондорунда иштеп жатат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...