Акыркы макалалар

Өзбекстан пахта өндүрүүнү 350 миң тоннага азайтат

Өзбекстан пахта өндүрүүнү 350 миң тоннага азайтат

Өзбекстан алдыдагы төрт жыл ичинде пахта өндүрүүнү 350 миң тоннага азайтат. Буга чейин жылына 3 миллион 350 миң тонна ак була жыйналчу. Бул тууралуу мамлекет башчы Ислам Каримов 15-январь күнү өкмөт жыйынында билдирди. Пахта көлөмүн азайтууга дүйнөлүк базарда ак буланын баасы нарксызданып, талаптын азайганы себеп болууда.

Пахта түшүмүн кыскартуу менен 180 миң гектарга жакын талаа аянты бошойт. Ал жерлерге буудай, картошка эгип, мөмөлүү бактарды отургузуу пландалууда.

Өзбекстанда ак була негизги экспорт болуп саналат. Өкмөттүн буйругу менен адамдар жыл сайын күзүндө жапырт пахта терүү өнөктүгүнө чыгат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...