Акыркы макалалар

Путин Евразия Биримдигин Апендинин кызындай мактады

Путин Евразия Биримдигин Апендинин кызындай мактады

Путин «Евробиримдиктин 27 мүчөсүнүн сүйлөшүүлөрүн угуп олтурган киши зеригип өлөт» дейт

Бейшемби күнү мурдагы Советтер Союзунун республикаларын Европа Биримдигинин үлгүсүндө интеграциялагысы келип жаткан Россиянын президенти Владимир Путин: «Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн өкүлдөрүнүн 27 тилдеги сүйлөшүүлөрүн угуп олтурган киши зеригип өлөт», - деди.

«Европалык башчылар эмне кылыш керек экенин билишет жана өз кризистерин жөнгө салыш үчүн системалык чараларды колдоно алышат», - деди Путин эл аралык «Валдай» талдоо клубунун жыйынында. «Россиянын Евробиримдикке кошулушу тууралуу вариант чындыкка коошпойт», - деп кошумчалады ал.

Дүйнөлүк кризис менен күрөшүш үчүн Россия мурдагы Советтер Союзунун мамлекеттерин эркин соода жана экономикалык блок түзүү жөнүндө келишимге кол коюу жолу менен бириктирүүгө умтулуп жатат. Путиндин айтымында, 2015-жылга карата түзүлө турган Евразия Биримдигин кураш үчүн артыкчылыкка ээ, анткени көптөгөн коңшу мамлекеттер орус тилинде сүйлөшөт жана жалпы инфрастуктурасы бар.

«Бизде эл аралык пикир алышууда курал катары кызмат кыла турган орус тили бар», - дейт Путин. «Бул абдан зор артыкчылык, себеби кандайдыр бир нерсени 27 өлкөдөн 27 тил аркылуу Евробиримдиктин мамлекеттери менен талкуулаш үчүн ушунчалык бюрократия бар болгондуктан сиздин кесиптешиңиз эмне айтканын билип жана акыркы аягына чейин укканча жөн эле өлүп калса болот», -деп кошумчалады Путин.

Быйыл Россия, Белорусия жана Казакстан бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүштү. Жогоруда саналган өлкөлөрдүн калкы 170 миллион адамга барабар жана жалпысынын 2 триллион долларлык экономикасы бар. Эми бул экономикалык биримдиктен улам кайсы гана ишкана болбосун ушул үч мамлекетте каттала алат, ал эми жарандар каалаган жерде жашап жана иштейт алышат.

«Россиянын Евробиримдикке кошулушуна келе турган болсок - бул реалдуу эмес», - дейт Путин. «Биз аймактык жана экономикалык параметрлер боюнча туура келбейбиз. Бирок бири-бирибизге жакындаш үчүн шексиз түрдө жогоруда аталган эки параметр боюнча кесилишүү чекитин табууга тийишпиз», - деп белгиледи Путин.

Евразия Биримдиги экономикалык жана валюталык саясатты координациялап, бирдиктүү визаларды берип, миграциялык эрежелерди карамакчы. Украина блокко кирүүнү каалабайт. Украинанын өкмөтү «Евразия Биримдигине кирүү Евробиримдик менен болгон байланыштарды бекемдөө боюнча иш-аракеттерге зыян келтирип коюшу мүмкүн», - деп эсептейт.

Путин «Украина Бажы Биримдигине кирүү боюнча «саясий коркунучтан» кутулушу керек», - деп айтты. Анын пикиринде, Бажы Биримдиги түзүлгөн күндөн бери соода 30 пайызга өстү.

Жекшемби күнү парламенттик шайлоо өткөрө турган Украина «эгерде анын Европа Биримдигине кошулушунан баш тартышса, Бажы Биримдигине кирүү жагын караштырып көрүп, өтүнмө бериши мүмкүн», - деп айткан 18-октябрда Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Сергей Тигипко.

Скот Розе

«Bloomberg News», 26-октябрь, 2012-жыл

Которгон – «InoZpress.kg»

Түп нускага шилтеме : inozpress.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...