Акыркы макалалар

Мектептеги "рэкетчилик" маселелери

Мектептеги "рэкетчилик" маселелери

"Мектеп - коомдун күзгүсү" деп айтылат эмеспи, ошол күзгүнү карап туруп анда болуп жаткан "Мектеп рэкетчилиги" деген чоң көйгөйдү көрүп, кантип токтотобуз деген суроолор жаралбай койбойт. Бул көйгөй тууралуу баары билет жана мойнуна алат. Опузалап акча талап кылуу маселелерине көбүнчө 5 - 9 - класстар арасындагы өспүрүмдөр кабылышат. Бирок, көпчүлүк учурда зомбулукка кабылган өспүрүмдөр эч кимге айтпастан, 20 сомдон 2000 сомго чейинки "Рэкеттер" талап кылган акчаны берип окуусун улантып келишет. Азыркы учурда ИИМ, Билим берүү министрлиги жана башка министрликтер менен биргеликте өспүрүмдөр арасында рэкетчиликти жоюу боюнча иш алып барышууда. ИИМдин маалыматына таянсак, акыркы 2 жыл аралыгында "Мектеп рэкетчилиги" азайгандыгы айтылат. 2011 - жылы 14 - 18 -ж аштагы өспүрүмдөр арасында 170 - берене боюнча өлкөдө 34 иш сотко өтсө, өткөн жылы 13 факт өткөн. Ал эми быйылкы жылдын 3 ай ичинде опузалап акча талап кылуу боюнча 4 иш сот процессине өткөрүлүп берилген.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...