Акыркы макалалар

Бишкекте комплекстүү жеңил атлетикалык эстафета өттү

Бүгүн Бишкекте “2013 - жыл Иштерман” жылынын алкагында комплекстүү жеңил атлетикалык эстафета өттү. Эстафета Түштүк магистралда, Байтик - Баатыр көчөсү менен Тынчтык проспектисинин ортосунда болуп, катышуучулар 2 километрге чуркашты. Бул туурасында “Марал” радиосуна Октябр райондук дене - тарбия жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Марат Үсенов маалымдады. Эстафетага орто мектеп, жергиликтүү аймактык башкармалыктар, райондук кызмат жана Октябрь райондук администрациясынын курама командалары катышты. Алдыңкы 3 орунга ээ болгон командалар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланып, акцияга катышкан Айтпай уулу Бердигул жана Таабалды кызы Жылдыз өз ойлорун төмөндөгүчө билдирди.

"Иш - чара сергек жашоону жайылтуу, өсүп келе жаткан муунду дене - тарбияга чакыруу максатында өттү".

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...