Акыркы макалалар

Окуучулардын кышкы каникулу узартылган жок

Окуучулардын кышкы каникулу узартылган жок

Билим берүү жана илим министрлиги дүйшөмбү күнү окуучулардын көбү сабакка кадимкидей эле келгенин белгиледи.

Республикадагы мектептерде сасык тумоодон улам кышкы каникулдар узартылбаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Кышкы каникул 31-декабрдан тарта 24-январга чейин созулду. Саламаттык сактоо министрлиги жыл башынан бери былтыркыга салыштырмалуу өлкөдө сасык тумоо менен ооругандардын саны көбөйгөнүн, бирок учурда абал жөнгө салынып келе жатканын айткан.

"Оорудан улам кышкы каникулду узартуу үчүн билим берүүнүн райондук бөлүмдөрү окуучулардын көбү сабакка келбегени тууралуу маалымат бериши керек. Азырынча андай маалыматтар жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги Санитардык-эпидемиологиялык станциядан карантин киргизүү зарылдыгы айтылбагандыктан, мектептерде кышкы каникул өз мөөнөтүндө аяктаганын белгилейт.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...