Акыркы макалалар

Бүгүн диний билим берүү мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн Бишкекте диний билим берүү жана диний окуу жайлар тууралуу мыйзамдын долбоору талкууланды. Иш - чараны Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети уюштурду. Бул иш - чараны уюштурган Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевдин айтымында, кандай гана жол тосуулар болбосун бул мыйзам сөзсүз иштелип чыгат. Себеби бул маселеге кайдыгер кароо кооптуу экенин баарыбыз түшүнүп турабыз, дейт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, Кыргызстанда исламды окуткан 10 жогорку окуу жай бар. Алардын бирөө университет, калгандары институттар. Ошондой эле 56 медресе каттоодон өткөн. Христиан багытында 7 жогорку окуу жай, 6 орто билим берген мектеп бар.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...