Акыркы макалалар

А.Усенбекова: Ишкерлерге мөөнөтсүз жана акысыз лиценция берүү каралууда

А.Усенбекова: Ишкерлерге мөөнөтсүз жана акысыз лиценция берүү каралууда

Кыргыз өкмөтү ишкерлик жүргүзүүгө жагымдуу шарт түзүүнүн аракетин көрүп жатат. Мунун алкагында жаңы иш баштап жаткан ишкерлер 3 жылга текшерүүлөрдөн боштулат. Мындан сырткары ишкерликти жүргүзүү үчүн жеңилдиктердин чаралары каралып жатканы маалым болууда. Бирок ишкерлер мыйзамсыз текшерүүлөр боло берерин айтышууда. Бул маселенин алкагында Экономика министрлигинин ишкерликти тескөө башкармалыгынын башчысы Айнура Усенбекова менен маек курдук.

-Жаңы иш баштаган ишкерлер 3 жыл текшерүүлөрдөн бошотулат, деп билдирди экономика министри. Бүгүнкү күндө бул мыйзам күчүнө кирдиби?

-Дүйнөдө болуп жаткан кризиске байланыштуу, ошондой эле доллардын өсүп жатканынан улам, ишкерлерге жеңилдик болсун деген максатта, жаңы ачылган ишканаларды 3 жылга текшертпей коюу демилгесин көтөргөнбүз. Экономика министрлиги бул демилге боюнча атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгып, өкмөттүн токтому менен бекитип Жогорку Кеңешке киргизген. Учурда биринчи окуудан өтүп, 2-окууда каралуусу күтүлүүдө.

-Бул мыйзам долбоору жаңы иш баштаган ишкерлер үчүн гана тиешелүүбү же иш баштаганына 1-2 жыл болуп калгандарга да каралганбы?

-Бул мыйзам долбоору жаңы ишкерлерге гана тешелүү. Бул мыйзам иштеп жаткан ишканаларга тиешеси жок. Негизи ишкерлерди текшерүү процедурасын тескеген атайын мыйзам бар. Бул мыйзам менен баардык текшерүүлөр жүрөт. Бирок бул мыйзамга фискалдык жана укук коргоо органдарынын текшерүүсү кирбейт. Текшерүүлөргө токтоло кетсек, ири ишкана 1 жылда бир, орто ишканалар 3 жылда бир, ал эми кичи ишканалар 5 жылда бир текшерилет.

-Жалпы канча текшерүүчү орган бар?

-13 орган бар.

-3 жыл аралыганда бардык текшерүүлөрдөн бошотулабы же айрым бир текшерүүлөр болобу?

-3 жылга 13 органдын текшерүүлөрүнөн бошотулат.

- Бул 13 органдан башка, милиция сыяктуу айрым органдар текшере берет, деп ишкерлер айтыл келишет. Буга карат текшерүүчү органдар да көзөмөлгө алынабы?

-Учурда экономика министрлиги бул 13 органдын текшерүүсүн бир нукка салып алдык. Сиз айткандай, бүгүнкү күндө ишкерлерден фискалдык жана укук коргоо органдарына карата кыйрылуулар түшүп жатат. Бул боюнча өкмөттүн астындагы бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешмесинде жана экономика министринин астындагы координациялык кеңеште каралды. Башкы прокуратура менен биргеликте жумушчу топ түзүп, бул маселенин алкагында бир ай иштеп чыктык. Буга карата Ички иштер министрлиги тарабынан текшерүү болбосун деген буйрук чыгарылды. Буйруктун негизинде ИИМдин кызматкерлери эч кандай текшерүүгө катыша албайт. Фискалдык жана экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынын функциясы калат. Анткени чек аралардын ачылганына байланыштуу аткезчиликтер болушу мүмкүн. Бул текшерүүлөр да атайын кайрылуу фактынын негизинде болот. Бирок азыркы тапта бул органдын да текшерүүсүн 13 текшерүү органдарына коюлган талаптардын негизинде жүргүзүлсүн деген маселенин алкагында башкы прокуратура менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул сунушка башкы прокуратура да кызыктар болуп жатат. Бул боюнча долбоор иштелип чыкса эле күчүнө кирет.

- Өлкөдө ишкерликти жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар көрүлүп жатканы маалым болду. Жөнөкөйлөтүү чараларында эмнелер бар?

-Лиценция жагында чоң иштер жасалды. Негизи бул иш 2008-жылы башталып, 2013-жылы мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык 500 дөн 101 чейин лиценциянын саны кыскарган. Мамлекет бүгүнкү күндө кыскартуу багытында баратат. Буга ылайык ишкерликтеги бардык тоскоолдуктарды кыскартуу каралууда. Мында уруксат берүү жана лиценция берүү негизги маселе болуп келет. 2015-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгы менен 12 түрдүү лиценцияны кыскартабыз деген чечим чыкты. Ошондой эле эми лиценциялар мөөнөтсүз жана акысыз берилет, деген мыйзам долбоорун ЖКке жөнөттүк.

-Бул жеңилдиктер жергиликтүү ишкерлерге гана тиешелүүбү же чет элдик ишкерлерге да каралганбы?

- Эгерде улуттук коопсуздукка, коомдук коопсуздукка шек келтирбесе жана кандайдыр бир адамдын өмүрүнө кандайдыр бир кооптуу болбосо, анда бул мыйзамдар баарына бирдей иштейт.

-Текшерүүлөрдү кыскартуу менен мамлекеттин планында ишканалардын саны канчалык көбөйт жана жумушсуздуктун саны канчага кыскарат?

-Бүгүнкү күндө атайын улуттук статистикалык комитетинин берген маалыматтарына таянсак жылдан-жылга бизде ишкерлердин саны абдан көбөйүп жатат. Текшерүүлөрдү кыскартууга байланыштуу ишканалардын саны дагы көбөйөт деген ниеттебиз. 15 жыл боюу Кыргызстан реэкспорт менен келген. 12-августта ЕАЭБке толук мүчө болуп кирдик. Эми реэкспорттон экспортко өтүшүбүз керек. Өнөр жай жагын көбөйтүшүбүз кажет. Буга байланыштуу ишкана ачам дегендер үчүн шарттар түзүлүшү зарыл. Буга байланышытуу жаңы ишканалар мамлекет тарабынан 3 жылга чейин текшерилбей жеңилдик болот. Бир гана фискалдык жактан текшериши мүмкүн. Бирок бул орган да фактынын негизинде текшерет. Эгер факт болбосо эч кандай текшерүү болбойт. Акыркы тапта текшерүүнүн системасында кылынып жаткан реформаларды өнөктөш бизнес ассосациялар менен биргеликте иштеп атабыз. Региондордогу жергиликтүү ишкерлерге мамлекет тарабынан кылынган реформалар кандай жетип жатат, муну билүү максатында атайын proverka.kg сайтын ишке кигиздик. Мында 13 текшерүүчү орган өзүнүн текшерүү планын бекитип, экономика министрлигине жиберет. Ал электрондук түрдө болот. Бул программа канча жолу текшерилгени тууралуу маалыматты дароо чыгарып берет. Текшерүүгө чыгыш үчүн 10 күндүн ичинде ишканага кабардама жибериш керек. Эгерде мамлекеттик орган ишканага кабардаманы жиберип коюп, жеткен жетпегенин тактабай ишкананы текшерүүгө кирсе, аларды киргизбей койгонго ишкердин укугу бар.

-Рахмат. Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз.

Автор: Гүлназ Мамытова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...