Акыркы макалалар

Акысыз мобилдик тиркеме балдарды кыргыз тилинде окууга тартат

28-январда, Америка Кошмо Штаттары USAID аркылуу көрсөткөн колдоосу менен Ага Хан Фонду «Ойноп китеп окуйбуз 2» аттуу 15 жаңы интерактивдүү китептерди камтыган кыргыз тилиндеги мобилдик тиркемени тартуулады. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул акысыз мобилдик тиркеменин жардамы менен балдар китеп окуп, кызыктуу көнүгүүлөрдү аткарып, окулган китепти түшүнүү жөндөмдүүлүгүн арттырат. Интерактивдүү оюндар балдарды көп окууга үгүттөйт, ал эми текшерүү суроолору болсо түшүнүү жана критикалык ойлонуу жөндөмдүүлүгүн кеңейтет. Алты китеп орус жана англис тилдеринде да сунушталган.

Ата-энелер «Ойноп китеп окуйбуз 2» тиркемесин Google Play-ден таап, Android-дин негизинде иштеген каалаган аспапка көчүрүп алса болот. Ошондой эле тиркемени www.akfgame.kg баракчасынан көчүрүп, жеке компьютерге орнотуп алса да болот.

«Билим берүү адистери белгилегендей, балдардын мектепке барганда ийгилигин арттыруу үчүн кичинекей балдарыбыз менен китеп окуу өтө зарыл. Өкүнүчтүүсү – сапаттуу китептер негизи абдан кымбат келет же айыл жергесинде табуу абдан оор»-дейт Гүлжан Төлбаева, USAIDдин билим берүү бөлүмүнүн адиси.

«Ойноп китеп окуйбуз» - бул балдардын окуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган кыргыз тилиндеги биринчи мобилдик тиркеме болуп эсептелет. Мен бул тиркеме жаш балдар арасында окуу маданиятын жайылтууга абдан жардам берет деп үмүттөнөм», - дейт Бурулай Айткулова, Ага Хан Фондунун окутуу программалары боюнча адиси.

Бул мобилдик тиркемени иштеп чыгуу – АКШ менен Кыргыз Республикасынын баштапкы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жаатында кызматташтыктын бир чети болуп эсептелет. Андан тышкары, USAID абдан популярдуу болгон «Баластан» каналынын жаш балдардын «Бирге окуйбуз» аттуу телепрограммасынын 26 чыгарылышын жаратууга колдоо көрсөттү.

Бул программа АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу ишке ашырылып келген көп долбоорлорунун бири. АКШнын Кыргыз Республикасындагы программалары тууралуу толугураак маалыматты http://usaid.gov/kyrgyz-republic сайтынан окуй аласыз.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...