Акыркы макалалар

Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги март айынды Кара-Кече кенине тендер жарыялайт

Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги Кара-Кече жылуулук борборун куруу боюнча тендерди 2016-жылдын март айында жарыялайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

“Үстүбүздөгү жылдын март айында Жумгал районундагы “Кара-Кече” көмүр кенин иштетүүгө тендер өткөрүлмөкчү. Башкача айтканда, ал жерде инвестициондук тендер өткөнү жатат. Бүгүнкү күндө бул долбоордун болжолдуу көлөмү 2-2,5 млрд долларга чейин жетет. Кенди иштетүүнү каалаган инвесторлорго биз өз шартыбызды коюп жатабыз. Тагыраагы тендердин ичине бир жыл ичинде 3 млн тоннадан кем эмес көмүр казып алууну талап кылуудабыз. Анткени, 2015-жылы 1 млн 700 миң тонна көмүр казып алынды. Андан тышкары, Кара-Кече кенинин жанына кубаттуулугу 1200 мВт Жылуулук-электр станциясын (ЖЭБ) курууну жана Балыкчы-Кара-Кече темир жолун салуу талабын да киргиздик. Учурда аталган кенди иштетүүгө Кытайлык, Россиялык жана Кореялык компаниялар кызыгуусун билдиришти”,-дейт Д.Зилалиев.

“Ошондой эле, бул жылы өтө турган эң чоң тендерлердин бири Кемин районундагы Ак-Түз айылында жайгашкан Куттуу-Сай кенин (күмүш, висмут, молибден, коргошун, бериллий сыяктуу бир катар баалуу металлдар бар) иштетүүнү каалагандар үчүн үстүбүздөгү жылдын 9-мартында тендердин биринчи этабы өткөрүлөт. Баасы 10 млн доллар деп коюлду”,-деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Өкмөттүн 2020-жылга чейин ишке киргизүүнү пландап жаткан Кара-Кече жылуулук станциясынын курулушун бүткөрүү өлкөнү 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияда да камтылган.

ЖМКларда айрым эксперттердин бир нече жылдардан бери тынбай демилгеленип, бирок ордунан жылбай келаткан Кара-Кече долбооруна азыркы Өкмөттүн кудурети жетерине деле ишенбестиги айтылган.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...