Акыркы макалалар

Майлуу-Сууга кара май кошулууда

Майлуу-Сууга кара май кошулууда

Майлуу-Суу шаарынын түндүк тарабы менен аралай өткөн “Майлуу-Суу” сайынын боюнда, жер алдынан өз алдынча чыгып жаткан кара май сууга кошулуп агып жатканына үч ай толду.

Бул боюнча аймактык экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясы шаардык мэрияга, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдиришкен. Андан сырткары "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна эскертүү беришип, алар "биздин лицензиялык аймагыбызга кирбегендиктен эч нерсе жасай албайбыз", деген жообун айтышкан.

Учурда жер алдынан атылып чыгып жаткан кара май сайдагы сууга кошулуп сугат аянттарын каптап жатат. Экологиялык маселени чечүүдө азырынча эч кандай жылыш жоктугун, бир дагы мамлекеттик орган чара көрбөй жатканын "Азаттыкка" Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын аймактык башкармалыгынын орун басары Кылычбек Жолдошов билдирди.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...