Акыркы макалалар

Чек арачыны сабап, бычактап кетишти

Чек арачыны сабап, бычактап кетишти

30 - апрелге караган түнү Чүй чек ара отрядында айдоочу болуп кызмат өтөгөн Мурзалиев Данияр аттуу чек арачыны үйүнүн жанынан белгисиз адамдар сабап, көкүрөк тушка бычак сайып кетишкен. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева билдирди.

“Жарадар болгон чек арачы Бишкек шаардык 4 - ооруканага жеткизилген. Анын баш мээси чайкалып, бычактан көкүрөгү жарат алган. Дарыгерлердин айтымында, учурда абалы канаттандыраарлык”,- дейт Чоколоева.

Бул факт боюнча Свердлов РИИБи иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...